Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурманбетов: айып пулдар көпчүлүктүн сунушу менен азаят

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын ага тескөөчүсү Ахмед Нурманбетов
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын ага тескөөчүсү Ахмед Нурманбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын ага тескөөчүсү Ахмед Нурманбетов өкмөт 8 жол эреже боюнча айып пулду азайтмак болгонун айтты.
Нурманбетов: айып пулдар көпчүлүктүн сунушу менен азаят

Жол кырсыгына минималдуу зыяны бар эрежелердин айып пулун азайтуу каралып жатат. Бул тууралуу Ахмед Нурманбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай иш-аракет элдин пикирин эске алуу менен ишке ашканы турат.

"Жаңы кодекстер ишке киргенден баштап коомчулукта жол эрежелери боюнча айып пулдун наркы жогору экени айтылып келди. Өкмөт бул нерсени эске алуу менен 8 жол эреже боюнча айып пулду азайтмак болуп жатат. Тандалып алынган жол эрежелери жол кырсыгына минималдуу зыян тийгизет. 8 эреже бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү каралууда", — деди Нурманбетов.

Ал кайсы убактан баштап аталган өзгөртүү ишке кирери азырынча белгисиз экенин жана жакынкы күндөрү бул боюнча так маалымат өкмөттүн сайтына жарыялана турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0