Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө 1200 баланын өздүгүн тастыктай турган документи жок. Бул тууралуу Асмат Мамасалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган өнөктүктү Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү жана Саламаттыкты сактоо министрликтери биргеликте ишке ашырат.
"Мыйзам боюнча ата-энесинин документи жана дарыгердин тастыктамасы жок болсо, балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбейт. Андан сырткары, документтер өз убагында алынбаса чоң көйгөйгө айланышы мүмкүн. Азыркы тапта өлкөдө 1200гө чукул бала документи жок жүрөт. Бул жылы маселе өкмөттүк деңгээлде көтөрүлүп, мыйзамга айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды. Мындан улам үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта калкты документтештирүү боюнча улуттук өнөктүк башталды. Ал быйылкы жылдын 31-декабрына чейин уланат. Бул убакыт аралыгында биз туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарды документ менен камсыз кылууну пландап жатабыз. Өнөктүктүн алкагында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү жер-жерлерде иштеп жатышат. Алардын кайрылуусу менен биздин департамент ата-энесинин документи жок эле балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берет алат", — деди Мамасилева.
Ошондой эле адис эгер баланын эч бир документи жок болсо, жарандар Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу сотко кайрылып, чыгарылган чечим менен Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинен баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга болорун кошумчалашты.
Жамааттык коопсуздук келишим биримдиги ага мүчө болгон өлкөлөрдү сырткы коркунучтардан сактоо максатында 1992-жылдын 15-майында түзүлгөн. Ошол кездеги курамына Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Армения кирген. Бир жылдан соң Азербайжан, Өзбекстан жана Беларусь мүчөлүкө кабыл алынган. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган уюм учурда бир гана террорчулук менен күрөшүүдө эмес, мыйзамсыз миграция, баңгизатын ооздуктоо жана IT багытындагы кылмыштуулуктарга каршы турууда да жетишкендиктерди көрсөтүп келет.
"ЖККУга кирген мамлекеттер 2002-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн күчөттү десек болот. Ушул убакыттан тарта ыкчам аскердик күчтөрдү тартууга басым жасалган. Бул максатта Кыргызстандан да бир батальон кошулган. Албетте, биримдиктеги аскер күчтөрүнүн 80 пайыздан ашыгын Россиянын күчтөрү камсыздайт. Ошентсе да бардык мүчө-мамлекеттер ар кандай сырткы коркунучтарга бирдиктүү күрөшүүгө даяр болгон чоң, өз тарыхы, орду бар уюм десек болот. Алгач биримдик террорчулук, экстремизмге каршы туруу үчүн гана түзүлсө, азыркы учурда интернет технологияларынын жардамы менен келтирилүүчү коркунучтарга, баңгизаты менен күрөшүүдө жана мыйзамсыз миграцияны ооздуктоодо чоң-чоң иштерди жасоодо", — деди Медетбеков.
Ал ЖККУнун чыгымдарынын 50 пайызын Россия каржылай турганын, калган 50 пайызын башка мүчө-өлкөлөргө бөлөрүн кошумчалады.
Эскерте кетсек, учурда биримдикке алты өлкө мүчө.
Паралимпиадага парапауэрлифтинг жана пара жеңил атлетика боюнча жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жогору. Мындай пикирин Абдуалим Нишанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн.
"Алдын ала так айтуу кыйын. Бирок спорттун эки түрү боюнча эки федерациянын даярдыгы жакшы. Пара пауэрлифтинг боюнча Жыргалбек Орозбаев, Максат Аргымбаев лицензия алуу үчүн машыгып, мыкты даярдыктан өтүшүүдө. Ал эми паратриатлон боюнча Жалалдин Абдувалиев аракет көрүүдө. Алар Азия чемпионатында, Азия оюндарында жана эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтүп келишет. Спортчулар менен сүйлөштүк, үмүтүбүз чоң. Жеңип келгенден кийин элдин, мамлекеттин колдоосу кандай болорун алар жакшы түшүнүшөт. Андыктан алдыга коюлган максатына жетүү үчүн болгон күчүн жумшашат. Мындан тышкары, бизде параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн", — деди Нишанов.
Ошондой эле жетекчи өлкөдө параспорт боюнча маалыматтын жеткиликтүү болбогондугу тармактын өнүкпөй туура эмес түшүнүктөрдүн пайда болушун шарттап жаткандыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.
Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду.
Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.