Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Министр: быйыл буудай былтыркыдан 2 центнерге көп жыйналды

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев
Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев дан эгиндерин жыйноо иштери 90 пайызга жыйынтыкталып калгандыгын айтты.
Министр: быйыл буудай былтыркыдан 2 центнерге көп жыйналды

Быйыл былтыркыга салыштырмалуу буудай 2, арпа 2,5 центнерге көп жыйналды. Бул тууралуу Эркинбек Чодуев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыюу иштери Нарын жана Ысык-Көл облусун эске албаганда 90 пайызга аяктап калды.

"Быйыл түшүмдүүлүк жакшы. Жашылча-жемиштерин жыйноо да аяктап баратат. Картошка Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында казыла баштады. Анын да түшүмдүүлүгү жылдагыдан жогору экенин алдын ала берилген маалыматтарга таянып айта алабыз. Тилекке каршы, быйыл күн катуу ысып, эрте жазда нормадан көбүрөөк жаанчыл жана тоолуу аймактарда мөндүрдүн жаашы дыйканчылыкка терс таасирин тийгизди. Малдын тоюту жылдагыдан аз. Бирок жалпысынан оруп-жыйноо иштери өз маалында жүрүп, түшүмдүүлүккө дыйкандардын нааразычылыгы жок деп ойлойм", — деди Чодуев.

Министр ошондой эле республикада буудайдын түшүмдүүлүгүн арттыруу үчүн үрөнгө көңүл буруу маселеси көтөрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0