Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Элгондиева: Бишкек мэриясынын ыкчам маалымат берүү номери — 1840 жана 1850

© Sputnik / Табылды КадырбековСпециалист call-центра мэрии города Бишкек Элмира Элгондиева
Специалист call-центра мэрии города Бишкек Элмира Элгондиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын чалуу борборунун адиси Элмира Элгондиева аталган борбордо 10 кызматкер иштерин айтты.
Элгондиева: Бишкек мэриясынын ыкчам маалымат берүү номери — 1840 жана 1850

Бишкек шаардык мэриясынын ыкчам маалымат берүү номери 1987-жылдан бери иштеп келет. Бул тууралуу Элмира Элгондиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Бишкек шаарынын тургундары мэрияга тийиштүү суроолору болсо 1840 жана 1850 номерлерине байланышка чыга алат.

"Башында 005 кызматы болуп аталган. 1997-жылы ал номер 185ке өзгөрүп, 2018-жылга чейин ийгиликтүү иш алып барып келди. Былтыр бул кызматтын аягына 0 уланып, эми шаар тургундары 1840 жана 1850 номерлерине чалып, бизге тиешелүү суроолорун узатып калышты. Мындан сырткары, "Бишкек 312" мобилдик тиркемеси да шаардыктар үчүн кызмат кылып келет. Ал жакта да Бишкек шаарынын жашоочуларынын суроолоруна жооп берип, адистер иштешет", — деди чалуу борборунун адиси.

Элгондиева ар кандай маселелер боюнча шаар тургундары күндүз көбүрөөк кайрыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0