ӨКМдин өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн офицери, капитан Асхат Муканов

Муканов: быйыл өрт кырсыгы 18 пайызга азайды

64
ӨКМдин өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн офицери, капитан Асхат Муканов үстүбүздөгү жылдын жети айында 1977 өрт кырсыгы катталганын айтты.
Муканов: быйыл өрт кырсыгы 18 пайызга азайды

Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл өрт кырсыктары 18 пайызга азайды. Бул тууралуу Асхат Муканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзгөндүктөн жылдан-жылга тилсиз жоонун келип чыгуу коркунучтары азаюуда.

"Өткөн жылы жыл башынан берки жети айда 2437 учур катталса, быйыл 1977ге жетти. Бул ӨКМ жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасы. Бул багытта биз тийиштүү чараларды байма-бай көрүп келебиз. Мисалы, жаңы окуу жылынын башталышына саналуу гана күндөр калды. Ага ылайык сентябрь айында биздин кызматкерлер мектептерге барып, өрт коопсуздугу тууралуу ачык сабактарды өтөт. Себеби балдардын тентектигинен чыккан өрт кырсыктары да көп. Учурда электр зымдары жана жабдыктар күйүп кетип, өрт чыккан учурлар басымдуулук кыла баштады. Азыркы тапта бул боюнча да маалымат берилип, түшүндүрүү иш-чаралары жүрүп жатат", — деди Муканов.

Ошондой эле ал өрт кызматына ойноп чалгандар да бар экенин айтып, эгер андайлар аныкталып табылса, мыйзам чегинде жоопко тартыларын кошумчалады.

64
Белгилер:
түшүндүрүү иштери, статистика, ӨКМ
Эмен багы галереясынын арт-директору Чолпон Тентиева

Тентиева: коронавирус менен күрөштө искусство адамдары четте турбайт

16
(жаңыланган 15:37 06.08.2020)
Эмен багы" галереясынын арт-директору Чолпон Тентиева карантинден кийин жарандар үчүн көргөзмөлөр эшигин ачканын айтты.
Тентиева: коронавирус менен күрөштө искусство адамдары четте турбайт

Жарандарга өзгөчө көргөзмө тартуулоону пландап жатабыз. Анда коюлган иштер толугу менен сатыкка чыгарылат. Түшкөн каражатты коронавирус менен күрөшүүгө которобуз. Бул тууралуу Чолпон Тентиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган көргөзмө 15-августка карата уюштурулат.

Жаманкулов: августта маданий жайлардын ишмердүүлүгү онлайн уланат

"Эмил Насритдинов аттуу сүрөтчү менен бирге өзгөчө көргөзмө уюштурууну пландап жатабыз. Ал жети күн уланып, офлайн жана онлайн форматта болот. Анда акварель түрүндөгү 50гө чукул ишти сатыкка чыгарабыз. Сатыктан түшкөн каражатты коронавирус менен күрөшүүгө багытталган фонддорго которобуз. Эпидемия менен күрөшүүгө жапа тырмак киришип жатабыз. Ошондуктан сүрөтчүлөр дагы четте турбай өз салымыбызды кошууну туура деп таптык. Ошондой эле башкаларга дагы үлгү болот деген ишеним менен бул долбоорду демилгеледик", — деди Тентиева.

Ошондой эле ал "Эмен багы" галереясы бир топ пландалган иштерди эпидемияга байланыштуу жылдырууга туура келгенин кошумчалады.

16
Белгилер:
Эмен багы паркы, коронавирус, көргөзмө
Тема боюнча
Кино камындагы Жакиев, Базаров, Кыдыралиев... Мөлтүрөгөн жаштык кезден таберик сүрөт
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова. Архив

Естебесова: койдун майын сыйпоону физиотерапиялык дарылоо десек болот

543
(жаңыланган 18:43 05.08.2020)
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова коронавируска чалдыккан учурда койдун майын же башка майларды сыйпоо же ичүү тууралуу медициналык көз карашын билдирди.
Естебесова: койдун майын сыйпоону физиотерапиялык дарылоо десек болот

Койдун майын же башка майларды сыйпоо физиотерапиялык натыйжа берет десек болот. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, койдун, кашкулактын же башка жаныбарлардын майын дарылануу үчүн колдонсо болот, бирок айрым маанилүү делген эрежелерди сактоо керек.

Россиялык дарыгерлер: кыргыз медиктери COVID-19ду дарылоону жакшы өздөштүргөн

"Илгертен эле апаларыбыз жөтөлүп калса көкүрөгүнө, далысына койдун майын сыйпаган. Бул ошол сыйпалган жерди жылуу кармап физиотерапиялык натыйжа берет десек болот. Эгерде жабыркаган органга суук өтүп ооруп жатса гана мындай ыкма пайдалуу. Кеселдеген  органды сыртынан ысытып, кан айланууну жакшыртып турат. Негизи эле койдун майынан башка да элдик медицинада колдонулуп келген майлар ушундай иш аткарат. Бирок аларды сүткө кошуп же башка бир суюктуктарга кошуп ичүү кооптуу. Биринчиден, ооруп турган адамдын бооруна күч келтирет. Мунун кесепети кийин жаман аякташы да ыктымал", — деди Естебесова.

Дарыгер адамда холецистит, панкреатит, гепатит болсо мындай ыкма менен дарыланбай эле койгону туура болорун кошумчалады.

543
Белгилер:
пневмония, коронавирус, Бермет Естебесова
Тема боюнча
Естебесова: коронавирустан айыккан адам элге качан аралашса болору белгисиз
Дарылар. Архив

Кыргызстанда коронавируска каршы кайсы дарылар жетишсиз. Тизме

6
(жаңыланган 16:16 06.08.2020)
Жетишпей жаткан дарылардын бардыгы коронавирус жана пневмония илдетинин оор жана өтө оор формаларын дарылоо үчүн зарыл.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева өлкөдө дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча кырдаал турукташып калганын, бирок айрым препараттар тартыш болуп жатканын брифингде маалымдады.

Анын айтымында, өлкөдө азыр төмөнкү дарылар тартыш болууда:

  • надропарин (фраксипарин)
  • натрийдин эноксапарини
  • кларитромицин
  • пиперациллин-тазобактам
  • мидазолам.

Булар коронавирус жана пневмония илдетинин оор жана өтө оор формаларын дарылоо үчүн зарыл.

"Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо уюмдарында акча каражаты жетиштүү. Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу департаментинен билдиргендей, бардык дары-дармек Кыргызстандын рыногунда бар. Ушуга байланыштуу саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине кайрылып кетким келет. Колдо болгон ресурстарды пайдаланып, калкты дары-дармек, дезинфекциялоочу каражат жана медициналык буюмдардын запасы камсыз кылыңыздар", — деди Боронбаева.

Ал жыл башынан тартып медиктердин компенсациялык төлөмдөрүн жүргүзүүгө 623,8 миллион сом төлөнүп берилгенин кошумчалады.

6
Белгилер:
дарылоо, коронавирус, каражат, ММКФ, дары-дармек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Заматта баары тозокко айланып кетерин эч ким күткөн эмес. Дарыгердин маеги