Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Министрлик кайсы мугалимдердин айлыгы көбөйөрүн түшүндүрүп берди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Замминистра образования КР Надира Жусупбекова
 Замминистра образования КР Надира Жусупбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 120 000 агартуучунун айлык акысы жогорулай турганын айтты.
Министрлик кайсы мугалимдердин айлыгы көбөйөрүн түшүндүрүп берди

Ушул жылдын октябрь айынан тарта билим берүү системасында иштегендердин айлыгы 30 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, маянасы көбөйө турган агартуучулардын ичинен 77 860ы — орто мектептердин мугалимдери.

"2019-2020-окуу жылынан тарта жалпысынан билим берүү системасында иштеген 120 миң адамдын айлыгы 30 пайызга көтөрүлөт. Алардын 7694үн бала бакчада иштеп жаткан педагогдор түзөт. Кесиптик лицейлердин 3680 мастери да жогорулатылган айлык ала баштайт. Ошондой эле колледж, кесиптик лицейдеги 7427 окутуучу да бул категорияга кирет. Калган 23 339у директорлор, алардын орун басарлары, методисттер жана финансисттер, квалификацияны жогорулатуу тутумунун кызматкерлери болмокчу. Мурда атайын кесиптик орто билими бар мугалимдер саатына 60 сом алса, эми 76 сом 20 тыйындан, бакалаврды бүткөндөр 67 сом 50 тыйын алса, октябрдан тарта 85 сом 70 тыйындан алып баштайт. Советтер Союзунда жогорку билим алган мугалимдерге жана магистр дипломунун ээси болгон насаатчыларга саатына 95 сом 25 тыйындан айлык эсептелет", — деди Жусупбекова.

Ошондой эле ал бул базалык бөлүгүнө гана кошулган каражат экендигин, мындан сырткары, мыктылыгын көрсөткөн педагогдорго өзүнчө акча караларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0