Микрохирург, көп кырдуу клиникалардын биринин жетекчиси Султан Тукешов. Архив

Тукешов: сурма жасатчу келиндер күйөөсүнүн уруксатын алышы керек

382
(жаңыланган 13:53 27.08.2019)
Микрохирург, көп кырдуу клиникалардын биринин жетекчиси Султан Тукешов көзгө сурма чыгарууда өзүнүн иштеп чыккан методун колдонорун айтты.
Тукешов: сурма жасатчу келиндер күйөөсүнүн уруксатын алышы керек

Сурма жасатууну каалаган кыз-келиндерден күйөөсүнүн макулдугун талап кылабыз. Анткени операциядан кийин үй-бүлөдө ызы-чуу чыкпай, тынч болсо аялдын калыбына келүү процесси да ойдогудай өтөт. Бул тууралуу Султан Тукешов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым учурларда сурма жасатууну каалап, бул үчүн күйөөсү менен уруша кеткен аялдар кездешет.

"Бир ирет мага соцтармактан бир келин кайрылды. Ал сурма жасатуу үчүн күйөөсү менен уруша кеткенин, бир айга чукул убакыт элдешпестигин айтып, ушул мөөнөттө жасап берүүнү суранды. Албетте, биз мындай сунуштардан баш тартабыз. Анткени ага чейин бизге кайрылган келиндин жолдошу каршы эместигин билдирип, бирок мындан ары операцияга келген аялдардын күйөөлөрүнөн бир ооз сурап коюшубузду сунуштаган. Анын сунушун кабыл алып, биз сурма жасатам деп келген кыз-келиндер толтурчу документтерге сөзсүз түрдө күйөөсүнүн макулдугун киргизгенбиз. Бул үй-бүлөдөгү тынчтыкты сактап, кардар сарсанаа болбой операциядан соң бат калыбына келишин шарттайт", — деди Тукешов.

Ал сурма жасатуунун наркы 250-500 долларды түзүп, көздүн көрүүсүнө зыяны жоктугун кошумчалады.

382
Белгилер:
пластикалык хирургия, ден соолук, уруксат, Султан Тукешов
Тема боюнча
Ой менен башкарылчу биопротезди жасап бүттүк. Микрохирург менен маек
Дарыгер-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев. Архив

Жолдошев: көз гимнастикасын жасап, көрүүнү жакшыртууга болбойт

38
(жаңыланган 15:09 02.12.2020)
Дарыгер-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев көз булчуңдарынын гимнастикасын жасоо менен көрүүнү жакшыртууга болбой турганын айтты.
Жолдошев: көз гимнастикасын жасап, көрүүнү жакшыртууга болбойт

Азыркы заманда көпчүлүк компьютер менен иштеп, гаджет, телефон тиктеп калышты. Андыктан бир саат сайын 10 мүнөткө стулдан туруп, алысты карап көздү эс алдырып турган оң. Ошол эле маалда көздүн көнүгүүлөрүн жасап туруу абдан пайдалуу. Бул тууралуу Өмүрбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, компьютер, телефондун жарыгын, экрандын өңүн көздү чарчатпай тургандай кылып аярлап алуу керек.

"Көз ооруларынын ичинен эң көп кездешкени катаракта же көз чечекейинин тунарышы. Бул оору тубаса жана кийин пайда болушу мүмкүн. 65-70 жаштагы кишилердин көбү эле бул илдетке кабылат. Андан тышкары, биздин өлкөдө глаукома — көздүн ички басымынын жогорулашы жана көрүүнүн начарлашы менен мүнөздөлгөн оору менен жабыркаган адамдар өтө эле көп. Ошону менен бирге макулодистрофия — көз торчосу бузулуп, борбордук көрүүнүн начарлашы менен жабыркап келишет. Ал эми көрүүсү начарлап бараткан адамга дарыгер көз айнек тагын десе сөзсүз аны аткарышы керек. Ал эч качан көрүүнү начарлатпайт. Мен бейтаптарыма дайыма көз айнекти угуу аппаратына салыштырып айтып келем. Ал жөн гана көрүүнү жакшыртуучу аспап. Көрүү начарлаганда көз айнек тагынбаса, көздүн булчуңдары чыңалып, мына ошондо көрүү бузулушу мүмкүн", — деди Жолдошев.

Дарыгер көздү нымдандыруучу тамчылатмалардын зыяны жоктугун жана көздүн көрүүсү жакшы болсо витаминдердин кереги жоктугун, туура тамактануу эле жетиштүү экенин кошумчалады.

38
Белгилер:
оору, көз
Тема боюнча
Жолдошев: коронавирус көз аркылуу жугат деген божомолдор бар
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова

Естебесова: дем алуу органдарынын оорулары аба алмашкан учурда күч алат

40
(жаңыланган 11:38 02.12.2020)
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова дем алуу органдарынын өнөкөт жана курч оорулары эмнеси менен айырмалана турганын жана сууктун түшүшү аларга кандай таасир этерин айтып берди.
Естебесова: дем алуу органдарынын оорулары аба алмашкан учурда күч алат

Дем алуу органдарынын оорулары аба алмашкан учурда күч алат. Андан көбүнчө чылым чекендер, дайыма очок жагып же түтүн менен дем алгандар жабыр тартат. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, автоунаалардын түтүнүнөн чыккан зыяндуу заттар дагы адамдын организмине терс таасирин тийгизет.

"Өнөкөт жана курч оорулардын айырмачылыгы — анын улам кайталанып турушунда. Маселен, курч оорулар өзү айтып тургандай эле сасык тумоо же башка дарттар сыяктуу пайда болуп анан жок болуп кетет. Ал эми өнөкөт оорулар бир нече жыл катары менен суук түшкөн же ага кабылган учурда күчөйт. Дем алуу органдарынын оорулары кеч күз менен жазда аба алмашып, ошол эле учурда суук болуп турган учурда күч алат. Себеби организм абанын алмашуусуна ыңгайлаша баштайт. Ал эми дем алуу органдары бүткүл организмдин "дарбазасы" болуп саналат. Бизде кескин-континенттик климат болгондуктан аба ырайы тез жылып кайра суук түшө берет. Мындай учурда айрым адамдардын дем алуу органдары сезгенип калышы толук ыктымал. Өзгөчө, өнөкөт аллергиясы барлар, чылым чеккендер, очокко от жаккандан жана түтүн менен дем алгандар көбүрөөк жабыр тартышат", — деди Естебесова.

Өпкө дарыгери күндүн табы нөлдөн төмөн болгон учурда респиратордук вирустар абада каалгыбай, адамга тийгизген таасири басаңдап каларын кошумчалады.

40
Белгилер:
оору, түтүн, адам органдары, Бермет Естебесова
Тема боюнча
Естебесова: тамеки чеккендер COVID-19ду жеңил көтөрөт деген жаңылыштык

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

0
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

0
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды