Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев

Иманалиев: Көчмөндөр оюндарынын максаты элди биримдикке чакыруу

67
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев Таласта өтө турган Көчмөндөр оюндарына даярдыктар кызуу жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Көчмөндөр оюндарын республикалык деңгээлде жыл сайын өткөрүүнүн максаты — элди биримдикке, ынтымыкка чакыруу. Ата-бабалардын үмүт-тилеги кандай болгон, ошону биз татыктуу аткарып жатабызбы деген идеологияны чагылдыруу. Бул тууралуу Кайрат Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чара 16-21-сентябрь күндөрү Талас облусундагы "Манас Ордо" маданий-тарыхый комплексинде өтөт.

"Көчмөндөр оюндары мындан ары жыл сайын республиканын ар облусунда өткөрүлүп турмакчы. Максаты - элдин биримдигин чыңдоо, ынтымакка үндөө. Ошондой эле нечен кылымдан бери бирде ылдый, бирде өрдү карай жол тартып келе жаткан кыргыз көчүнүн тарыхы, маани-маңызы менен жаш муунду тааныштыруу, аларга тарбиялык насаат катары ата-бабалардын баскан жолун ачып көрсөтүү болуп саналат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлгөндө айрым атуулдар долбоордун кереги жоктугун, чыгымдан башка пайдасы болбостугун айтып чыгышкан. Бирок мындай иш-чаралар элге кадыресе дем-күч берерине күбө болдук. Андыктан, жан дүйнөнү байытуу максатында келечек муунга тарбиялык маанисин көрсөтүү үчүн бул долбоор уланып, өткөрүлүп турушу керек", — деди Иманалиев.

Ошондой эле ал Таласта өтчү маданий, спорттук оюн-зооктордун баары көрүүчүлөр үчүн акысыз тартууланарын кошумчалады.

67
Белгилер:
тарых, ордо, Манас, Талас, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Кайрат Иманалиев
Тема боюнча
Жаңы ипподром, этнофестиваль, спорттун 10 түрү. Көчмөндөр оюнуна даярдык күч