Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекболотов: эми онкологиялык бейтаптын анализдери СПИД борборунан алынат

© Sputnik / Табылды КадырбековСПИД республикалык борборунун башчысынын орун басары Айбек Бекболотов. Архив
СПИД республикалык борборунун башчысынын орун басары Айбек Бекболотов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
СПИД республикалык борборунун башчысынын орун басары Айбек Бекболотов буга чейин онкологиялык оорунун анализи өтө кымбат, карапайым элге жеткиликсиз болуп келгенин айтты.
Бекболотов: эми онкологиялык бейтаптын анализдери СПИД борборунан алынат

Эми СПИД республикалык борборунун лабораториясында рак илдетине чалдыккан адамдардын иммунофенотиптик анализин жасоого болот. Бул тууралуу Айбек Бекболотов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин онкологиялык ооруну аныктоочу анализдер Бишкек жана Алматы шаарында жасалып, иммунофенотиптик анализдин бир сеансы 10 миң сомдон жогору бааланып келген.

"Иммунофенотиптик анализдерди СПИД республикалык борборунун лабораториясында жасоо боюнча сүйлөшүүлөр 2017-жылдан бери жүрүп келген. Анткени онкологиялык ооруну аныктоочу ыкмалар кымбат болуп, карапайым элге жеткиликсиз эле. Бул багытта "Жардам берүү оңой" коомдук фонду жигердүү аракеттерди көрүп, быйыл СПИД борборундагы атайын жабдыктарды колдонуу менен иммунофенотиптик анализдерди жасоого уруксат берилди. Бүгүнкү күндө онкологиялык анализдерди жүргүзө турчу Т-системасы да каттоодон өткөрүлдү. Эми рак илдетине чалдыккан бейтаптар биздин борборго кайрылып, арзан баада тийиштүү процедурадан өтө алышат", — деди Бекболотов.

Ошондой эле ал учурда онкологиялык ооруну басаңдата турган морфин дарысы Кыргызстанда жетишсиз экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0