Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дамир уулу: туристтик ишмердүүлүктүн бирдиктүү мамлекеттик реестри бекиди

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор департамента при Минкультуры Максат Дамир уулу
Директор департамента при Минкультуры Максат Дамир уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу менен туристтик ишмердүүлүктүн субъектилеринин бирдиктүү реестри бекитилгенин айтты.
Дамир уулу: туристтик ишмердүүлүктүн бирдиктүү мамлекеттик реестри бекиди

Евразиялык экономикалык кеңешинин алкагында саякат бюролорунун жана туристтик агенттикттердин кызматтар сектору боюнча бирдиктүү рыногу ушул реестрди кабыл алуу менен 1-декабрда өз күчүнө кирет. Бул тууралуу Максат Дамир уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде, "Ачык кеп" программасына маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, реестр туристтик агенттиктердин, туроператорлордун жана турагенттиктердин алдындагы тоскоолдуктарды чечүүгө жардам берет.

"Аталган реестр туристтик кызмат көрсөткөн мекемелердин баарын өз ара байланыштырып, бир аянтчага топтоо максатында түзүлдү. Веб-сайтка кандай маалымат жайгаштырылышы керек болсо, анын баарын белгилеп чыктык, санарип жолунда иш алып баруудабыз. Эми бул долбоордун алкагында туристтик мекемелер эмне иш жасап жатканын жана кандай кызматтарды көрсөтөрүн өздөрүнүн сайтына жайгаштырып, элге сунушташы керек. Бул биз менен иш алып баргысы келген чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жалпы таанышуу жана пайдалануу сайты болуп калат. Алар ушул сайт аркылуу ким менен кайсы жакка барып иш алып бара тургандыгын тандоо укугуна ээ болот. Ошону менен бирге эле кыргыз коомчулугуна да туризм тармагындагы аракеттер ачык, жеткиликтүү көрүнүп турмакчы", — деди Дамир уулу.

Ошондой эле туризм тармагында иш алып барган компаниялардын мыйзам бузуулары болсо, ал маалымат да сайтка жазыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0