Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: барган сайын аялдар өзүнө көбүрөөк жоопкерчилик жүктөп жатат

© Sputnik / Асель АкматалиеваКандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова
Кандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова аял алсыздыгы менен күчтүү экенин айтты.
Бообекова: барган сайын аялдар өзүнө көбүрөөк жоопкерчилик жүктөп жатат

Аялдар эркектерге караганда сабырдуу жана чыдамкай келет. Мындай пикирин Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аял киши ичиндеги муңун ыйлап сыртка чыгарып жеңилдеп алса, эркектер кайгысын эч ким менен бөлүшпөй, баарын ичине сактай берет.

"Жашоодогу кыйынчылыктарга туруштук берүү көпчүлүктүн колунан келе бербейт. Аялдар жигиттерге  караганда сабырдуу, чыдамкай келип, тагдырдын сыноолоруна көбүрөөк туруштук бере алат. Ал эми күчтүү деген эркектер калкынын көбү кайгысын эч ким менен бөлүшпөгөндүктөн, кан басымы жогорулап, жеңилдөө үчүн башка жолдорду издеп башташы мүмкүн. Ал эми аял киши кыйналган учурда ыйлап алат. Биринчиден, аял алсыздыгы менен күчтүү. Экинчиден, эне болгондугу үчүн кыйынчылыктарга күйөөлөрүнө  караганда көбүрөөк туруштук берип келет", — деди психолог.

Ал барган сайын аялдар өзүнө көбүрөөк жоопкерчилик жүктөп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0