Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева. Архив

Тогузбаева: өлкөдө асыл тукумдуу мал жокко эсе

89
(жаңыланган 11:40 02.09.2019)
Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева кой этине болгон талаптын кескин азайышынан улам анын туягы да кыскаргандыгын айтты.

Советтер Союзунда кыргыз кой чарбасында малдын туягы 10 миллион болсо, эгемендүүлүк алгандан кийин бул көрсөткүч эки эсе кыскарды. Бул тууралуу Дария Тогузбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда республикада асыл тукумдуу мал жокко эсе жана аны көбөйтүү көйгөйү колго алынбай келет.

"Койдун саны азайып кетишинин башкы себеби, жүндүн наркынын арзандыгында жана этине болгон суроо-талаптын төмөндөшүндө. Кыргызстандын климатына ылайыкташкан, фермерлерди кызыктырган койдун эки тукуму бар. Алар уяң жүндүү койлор жана роман породасы. Уяң жүндүү же меринос койлорун багуудагы башкы багыт төл, эт жана жүн алуу болуп саналат. Бул койлордун жүнү өзгөчө бааланып, учурда бир килограммы 170 сомго чыкты. Роман тукуму Россиянын Ярославль облусунан чыккан. Бул кылчык жүндүү койлорго кирет. Андан көбүнесе тон тигилет. Ошондой эле төлдүүлүгү жогору жана эт алууда да жакшы киреше берет. Мүйүзү тубаса жоктугунан токолдук деп да аташат", — деди Тогузбаева.

Адис роман породасы Чүй облусунда багыларын кошумчалады.

89
Белгилер:
киреше, кой
Тема боюнча
Адис уйдун кайсы тукумдары эт, сүткө ылайыктуу экенин айтты