Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматова: муниципалдык бала бакчалар бөбөктөрдү кабыл алууга даяр

© Sputnik / Эркин СадыковРуководитель одного из отделов Управления образования мэрии Гульмира Акматова
Руководитель одного из отделов Управления образования мэрии Гульмира Акматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова борбор калаадагы муниципалдык бала бакчаларды атайын комиссия текшерип чыкканын айтты.
Акматова: муниципалдык бала бакчалар бөбөктөрдү кабыл алууга даяр

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу бардык бала бакчаларга толугу менен оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, балдарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Гүлмира Акматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 86 муниципалдык бала бакча бар болсо, алардын он бири атайын бала бакча болуп эсептелет.

"Жыл сайын Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү жана биздин бөлүмдүн адистеринен куралган комиссия түзүлөт. Алар июль жана август айлары борбор калаадагы муниципалдык бала бакчаларды кыдырып, жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштери жана мекеменин жалпы абалы менен таанышып чыгышат. Быйылкы жылы да бул багыттагы тийиштүү иштер жүргүзүлүп, жалпы 86 муниципалдык бала бакчалар комиссия тарабынан текшерилди. Алардын баары талапка жооп берет деп табылып, эми сентябрь айынан тарта кенже тайпага балдарды кабыл ала башташты", — деди Акматова.

Ошондой эле ал учурда Бишкек шаары боюнча бала бакчага кирүү үчүн 17 823 бөбөк кезекте турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0