Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жылкыбаев: "Саясатчы эмес, саякатчы бол" деген ураан менен иштеп жатабыз

© Sputnik / Исмаил МамытовПолпред правительства в Иссык-Кульской области Узарбек Жылкыбаев
Полпред правительства в Иссык-Кульской области Узарбек Жылкыбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев аталган облуста "Саясатчы эмес, саякатчы бол" деген ураан алдында ички туризмди өнүктүрүү аракеттери көрүлүп жаткандыгын айтты.
Жылкыбаев: "Саясатчы эмес, саякатчы бол" деген ураан менен иштеп жатабыз

Ички туризмди өнүктүрүүдө жалпы кыргызстандыктардын 20 пайызы саякаттап турса эле жетиштүү. Сырттан келген туристтерди күтүп отура бербей, өлкөнүн кооз жерлерин кыдырууну өзүбүз да колго алышыбыз керек. Мындай пикирин Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө ичинде саякаттоо үнөмдүү келип, эл ынтымагын бекемдөөгө, балдарга туура тарбия берүүгө чоң өбөлгө түзөт.

"Өлкө калкынын 20 пайызы, тагыраагы 1,5 миллионго чукул атуул жыл сайын республиканын кооз жерлерин кыдырып саякаттаса, ички туризм сезилерлик өнүкмөк. Албетте, бул үчүн тейлөө тармагын да жакшыртыш керек. Биз бул максатта "Саясатчы эмес, саякатчы бол" деген ураан алдында программа иштеп чыкканбыз. Анын алкагында бир эле Ош облусун эмес, Жалал-Абад, Баткенди камтыган турпакеттерди сунуштап жатабыз. Ошондой эле өзбекстандык кесиптештер менен сүйлөшүп, Бухара же Самаркандды көрөм деп келген чет элдиктерди биз аркылуу кабыл алууга же бизге узатууга, ошол эле учурда Ошко келген саякатчыларга кошуна мамлекеттин шаарларын сунуштоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Жылкыбаев.

Аткаминер аталган туристтик маршруттарды пропагандалоо максатында тоо, этнофестивалдары өткөрүлгөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0