Молодой предприниматель и программист Медер Кутбидин уулу

Кутбидин уулу: 100дөй мектеп окуучуларды көзөмөлдөй алчу программага өттү

336
Жеке ишкер жана программист Медер Кутбидин уулу ата-эненин көзөмөлүндөгү балдарда жоопкерчилик жогору боло турганын айтты.
Кутбидин уулу: 100дөй мектеп окуучуларды көзөмөлдөй алчу программага өттү

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы 100дөй мектеп окуучуларды көзөмөлдөй алчу программага өттү. Бул тууралуу Медер Кутбидин уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай долбоор былтыр октябрь айынан башталган.

Учурда өздөрү чет мамлекетте иштеп, уул-кыздары туугандарыныкында жүргөн ата-энелер арбын. Алар алыста болгондуктан баласынын эмне кылып, кайда басып-туруп жүргөнүн биле алышпайт.

"Негизи көзөмөл жок болсо балада жоопкерчилик азаят. Бул себептен окуучулардын бааларын көрө ала турган программаны мектептерге сунуштап келе жатабыз. Азыркы учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 100дөй мектеп аталган долбоор менен иштеп жатат. Ал программадан ата-энелер балдарынын бааларын гана эмес, окуучулардын рейтингин да көрө алат. Ушул эле программа менен, мисалы, химия сабагынан эң жакшы окуган 10 окуучунун тизмесин аныктоого болот", — деди программист.

Ал аталган долбоор менен окуучулардын рейтингине жараша мыкты мугалимдерди да аныктап алса болорун кошумчалады.

336
Белгилер:
мектеп, долбоорлор, программа
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова. Архив

Естебесова: койдун майын сыйпоону физиотерапиялык дарылоо десек болот

469
(жаңыланган 18:43 05.08.2020)
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова коронавируска чалдыккан учурда койдун майын же башка майларды сыйпоо же ичүү тууралуу медициналык көз карашын билдирди.
Естебесова: койдун майын сыйпоону физиотерапиялык дарылоо десек болот

Койдун майын же башка майларды сыйпоо физиотерапиялык натыйжа берет десек болот. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, койдун, кашкулактын же башка жаныбарлардын майын дарылануу үчүн колдонсо болот, бирок айрым маанилүү делген эрежелерди сактоо керек.

Россиялык дарыгерлер: кыргыз медиктери COVID-19ду дарылоону жакшы өздөштүргөн

"Илгертен эле апаларыбыз жөтөлүп калса көкүрөгүнө, далысына койдун майын сыйпаган. Бул ошол сыйпалган жерди жылуу кармап физиотерапиялык натыйжа берет десек болот. Эгерде жабыркаган органга суук өтүп ооруп жатса гана мындай ыкма пайдалуу. Кеселдеген  органды сыртынан ысытып, кан айланууну жакшыртып турат. Негизи эле койдун майынан башка да элдик медицинада колдонулуп келген майлар ушундай иш аткарат. Бирок аларды сүткө кошуп же башка бир суюктуктарга кошуп ичүү кооптуу. Биринчиден, ооруп турган адамдын бооруна күч келтирет. Мунун кесепети кийин жаман аякташы да ыктымал", — деди Естебесова.

Дарыгер адамда холецистит, панкреатит, гепатит болсо мындай ыкма менен дарыланбай эле койгону туура болорун кошумчалады.

469
Белгилер:
пневмония, коронавирус, Бермет Естебесова
Тема боюнча
Естебесова: коронавирустан айыккан адам элге качан аралашса болору белгисиз
Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова

Турсункулова: күн чыккандан кийин уктабай эле койгон дурус

620
(жаңыланган 18:01 05.08.2020)
Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова адамдын организминде ар бир саатта ар башка гормондор иштелип чыгып турарын жана бул режим бузулган учурда ден соолукка олуттуу зыян келерин айтты.
Турсункулова: күн чыккандан кийин уктабай эле койгон дурус

Мелатонин "уйку гормону", серотонин "кубаныч же бакыт гормону" деп аталат. Бул экөөнү тең мээнин ортоңку бөлүгүндө жайгашкан эпифиз бези бөлүп чыгарат. Аталган гормондор бири-бири менен эриш-аркак иш алып барып, адамдын ден соолугуна олуттуу таасир тийгизет. Бул тууралуу Гүлжамал Турсункулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Дарыгердин айтымында, мелатонин гормону саат 21:00дөн баштап бөлүнүп чыгып, организмди уйкуга чакыра баштайт. Түнкү 02:00де эң көп бөлүнгөн чегине жетип, таңкы 04:00төн баштап азаят.

Турсункулова: коомдун стресс гормону тууралуу кенен маалыматы жок

" Адамдын организми өз функциясын жеткиликтүү аткарууда гормондордун орду чоң. Өзгөчө жашоонун булагы болгон уйкуну чакырып, адамды эс алдырып турган мелатонин гормону бар. Ал эми бул гормондун пайда болушун серотонин гормону шарттайт. Серотонинди биз күн нурунан жана курамында антиоксиданттар бар азыктардан алабыз. Мелатонин гормону адамдын биологиялык сааты туура иштеген учурда 21:00дөн тарта пайда болуп, организмди уйкуга даярдай баштайт. Андыктан бул убакыттан көп кечиктирбей уктоо керек. Ал эми таң агарып, тагыраагы, таңкы 04:00, 05:00 аралыгы аталган гормон активдүүлүгүн жоготуп, жыйынтыгында адам уйкудан ойгонушу шарт. Башкача айтканда, ушул сааттар аралыгы уктаган уйку биздин организмибиз үчүн пайдалуу, аны эс алдырат. Ал эми күн чыккандан кийинки уйкунун пайдасы жок. Ошондой эле күндүз атайын үйдү караңгылатып алып уктоо да организмге жакшы таасирин тийгизбейт. Негизи эле адам ден соолукта болушу үчүн ар саатта ар башка гормондор бөлүнүп чыгып, өз тартиби менен иштеп турат ", — деди Турсункулова.

Эндокринолог серотонинди көбөйтүү үчүн атайын таблеткаларды ченемсиз ичүү галлюцинация, шизофрения ооруларына алып келиши ыктымалдыгын кошумчалады.

620
Белгилер:
кеңеш, уйку, ден соолук
Тема боюнча
Турсункулова: стресс иммунитетти түшүрөт, аны көтөрүүнүн жолу бар
Медициналык кызматкер коронавирус менен ооругандар стационарда. Архив

Министрлик: коронавирусту дарылоонун 4-протоколу даярдалып жатат

0
(жаңыланган 13:16 06.08.2020)
Протокол түзүп жаткан эксперттер коронавирус боюнча жаңы маалыматтарды топтоп, ага анализ кылып, бейтапка ылайык келген сунуштарды документке киргизип жатат.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча протоколдун 4-версиясы даярдалып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы кеңешчи-инфекционисти Айнура Кутманова брифингде билдирди.

Анын айтымында, протокол түзүп жаткан эксперттер коронавирус боюнча жаңы маалыматтарды топтоп, ага анализ кылып, бейтапка ылайык келген сунуштарды документке киргизип жатат.

Кутманова протоколдун 4-версиясы Россиядан келген дарыгерлерге да көрсөтүлүп, алар тажрыйбасына таянып сунуштарын айтышкан.

"Жаңыртылган документке текшерүүдөн өтүп бүтө элек вируска каршы дары-дармектерди киргизген жокпуз. Анткени алардын натыйжалуулугу далилденген эмес", — деди адис.

Кыргызстанда коронавирустан дагы 589 бейтап айыкты

Кутманова жаңы протоколго коронавируска кабылган кош бойлуу аялдарды дарылоо, башка бейтаптарды реабилитациялоо, реанимацияда дарылоо иштерине толуктоолор киргизилип жатканын кошумчалады.

"Документти тез арада бүтүрүүгө аракет кылып жатабыз. Андай кийин министрдин буйругу менен бекийт", — деди инфекционист.

Эске салсак, өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 38 569га жетип, анын ичинен 30 099у айыкты. Тилекке каршы, оору 1 147 адамдын өмүрүн алды.

0
Белгилер:
медик, оору, протокол, дарылоо, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бир суткада 549 кыргызстандыктан COVID табылды