Тогуз коргоол боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Анарбек Жамакеев

Жамакеев: чоң атамды тартып тогуз коргоолго кызыгуум артты

116
(жаңыланган 14:53 03.09.2019)
Тогуз коргоол боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Анарбек Жамакеев чет өлкөлөрдө дагы күчтүү атаандаштары пайда болгонун айтты.

Мелдештин алдында күнүнө жок дегенде үч саат машыгам. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында эң көп, 11 саат даярдык көргөм. Бул тууралуу спортчу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тогуз коргоол - балдардын интеллектуалдык жактан өсүүсүнө абдан пайдалуу оюн.

"Чоң атам Жамаке тогуз коргоолду мыкты ойночу. Эгер анын учурунда мелдеш өткөрүлсө, чемпион болмок экен. Кичинемде тогуз коргоол боюнча Азиянын чемпиону, казакстандык Айдос Сейитжановдун китеби бар болчу. Анда мен жөн гана анын атаандашы болуп ойносом деп кыялданып койгом. Кийин  2013-жылы Азия чемпионатында аны утуп, алтын байге алдым. 2018-жылы кайрадан Азия чемпионатын жеңдим. Түркия, Польша, Сауд Аравия жана Францияда өткөн мелдештерге катышып, байгелүү кайттым. Учурда машыктыруучу болуп эмгектенем, беш окуучум бар. 2017-жылдан бери жакшы спорттук жыйынтыктарды көрсөтүштү. Ойногонго караганда машыктырган абдан жакты. Бирөөгө үйрөтүп жатып, өзүм да көп нерсени үйрөнөм", — деди Жамакеев.

Спортчу эми 2020-2021-жылы өтө турган Азия жана дүйнө чемпионатын жеңүү негизги максаты экенин кошумчалады.

116
Белгилер:
Дүйнөлүк чемпионат, тогуз коргоол
Тема боюнча
Жаңы ипподром, этнофестиваль, спорттун 10 түрү. Көчмөндөр оюнуна даярдык күч