Кыргызстандагы коммерциялык банктардын биринин долбоордук менеджери Алмагүл Кадышева

Көпчүлүк билбейт. Адис электрондук капчыктын артыкчылыгын санап берди

77
Кыргызстандагы коммерциялык банктардын биринин долбоордук менеджери Алмагүл Кадышева электрондук капчыкты колдонуудагы артыкчылыктарга токтолду.

Электрондук капчыкты колдонуп жүрүп да анын бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланбагандар бар. Бул тууралуу Алмагүл Кадышева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, электрондук капчыктын ыңгайлуулугунун бири болуп төлөмдөрдүн графигин түзүп алуу саналат.

"Электрондук капчык аркылуу кредитти төлөө, депозит ачуу, төлөм картасын толуктоо, акча которуу сыяктуу банк кызматтарын аткарса болот. Акча которууда алуучунун реквизиттерин, эсептерин сактап, бир басуу менен төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган. Бул эки тараптын тең убактысын үнөмдөйт. Банктан алынган насыяны кайтарууда белгилүү күндү, сумманы графикке киргизип койсо, эсебиңиздеги каражаттан керектүү акча ошол күнү автоматтык түрдө өзү которулуп турат. Бул банк менен болгон мамилеңизди чыңдап, кредиттик таржымалыңызда сиздин ишенимдүү кардар катары калышыңызга шарт түзөт. Интернет аркылуу соода кылууда төлөм картасына караганда электрондук капчык аркылуу төлөө коопсуз. Анткени дүкөндүн сайтына сиздин картаңыздын номерин жана башка маалыматтарды киргизүү талап кылынбайт", — деди Кадышева.

Адис электрондук капчыкты колдонуунун дагы бир артыкчылыгы катары аны иштеп чыгуучулар улам жаңыртып, кардарларга ылайыкташтырып тургандыгын атады.

77
Белгилер:
төлөм, коопсуздук, капчык
Тема боюнча
Адис электрондук капчыкты туура колдонуу эрежелерин айтып берди