Бир Бол фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт

Жапаров: парламенттин VII чакырылышы үч чоң агымды бириктирет

1623
"Бир Бол" фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоо боюнча өзүнүн божомолун айтты.

Парламенттин VII чакырылышында бир топ партиялар биригет. Анткени тогуз пайыздык босогодон өтүү кыйынчылык жаратат. Мындай пикирин Акылбек Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, депутат өзү кийинки шайлоого да талапкер катары катышат.

"Өкмөт, тагыраак айтканда, учурдагы бийлик экиден ашык партияны тартып кете албайт. Дагы эки партиянын тагдырын олигархтар чечет. Бирок президент алардын партиясын саясатка аралаштырбайм деп коюшу да мүмкүн. Олигарх эмес, бирок колунда бар байлар да чогулуп, өзүнчө бир блокту камсыздап шайлоого аттанышат. Ошондой эле азыркы бийликке каршылар жана деги эле баары менен макул эместер шайлоого карата башын бириктирүүгө аргасыз болушат. Ошондо, менин жеке пикирим боюнча, алдыдагы праламенттик чакырылыш кедей-кембагалдардын кызыкчылыгын коргогон солчулдар, жеке менчиктин келечегин ойлогон оңчулдар жана бийликтин сөзүн сүйлөгөн партиялар болуп үч чоң багытты бириктирет", — деди Жапаров.

Учурдагы депутат эгер VII чакырылышка өтпөй калса илим менен алек болорун кошумчалады.

1623
Белгилер:
божомол, Парламент, шайлоо, Акылбек Жапаров
Тема боюнча
Жапаров: билим берүүнү түп-тамырынан өзгөртүүгө 80 миллиард сом жетет