Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: аял үй-бүлөдөгү жүктүн баарын өзүнө албаш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековАга окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова. Архив
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова эркектер өзүн аяганды үйрөнгөнүн айтты.
Бообекова: аял үй-бүлөдөгү жүктүн баарын өзүнө албаш керек

Аялдар билинбей эле белгилүү бир этаптардан өтүп жатып, өзүнө жоопкерчиликти ашыгы менен алып алды. Мындай пикирин Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, барган сайын аялдар өзүнө көбүрөөк жоопкерчилик жүктөп жатат.

"Аялдардын эркектерге караганда жоопкерчиликтүү болуп баратканына бир канча себеп бар. Алар көргөн тасмаларынан же гезит-журналдардан окуган ийгиликтүү кыз-келиндер жөнүндөгү макалалардан таасирленип, күчтүү аялдын образына умтулушу да мүмкүн. Негизи аялдар табиятынан эле күчтүү келет. Согуш маалында да түйшүктүн баары энелерге жана балдарга калган. Ушул сыяктуу белгилүү бир этаптардан өтүп жатып, аялдар билинбей эле жоопкерчиликти өздөрүнө алып алды. Эркектер да өзүн аяганды үйрөндү. Аялдар жашоодогу кыйынчылыктарды жеңем деген тынымсыз аракети алардын күчтүү болушуна жол ачып жатат", — деди Бообекова.

Психолог аялдар да иштеши керектигин, бирок жүктүн баарын өзүнө албоосу зарыл деп кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0