Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматова: 12 муниципалдык бала бакчада тарбия иштери кыргыз тилинде жүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык мэриясынын Билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова. Архив
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова борбор калаадагы бардык муниципалдык бала бакчаларда кыргыз тили окутулуп жатканын айтты.
Акматова: 12 муниципалдык бала бакчада тарбия иштери кыргыз тилинде жүрөт

Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 12 муниципалдык бала бакчада тарбия иштери толугу менен кыргыз тилинде жүрүп жатат. Бул тууралуу Гүлмира Акматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн кыргыз тил боюнча адистери бала бакчаларда да атайын иш алып барып, ал жактагы билим берүү методикасына мамлекеттик тилди киргизишүүдө.

"Учурда борбор калаанын муниципалдык бала бакчаларындагы тарбия иштерин кыргыз тилинде же кыргыз-орус тилдеринде бирдей жүргүзүүгө аракеттер көрүлүп жатат. Бул багытта мэриянын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери да тийиштүү иштерди алып барып, бала бакчаларда кыргыз тил сабагынын өтүлүшүн колго алышты. Бул аракеттердин натыйжасында Бишкектеги 86 муниципалдык бала бакчанын он экиси толугу менен кыргыз тилине өттү. Андан сырткары, дагы 37синде тарбия иштери эки тилде бирдей жүрүп жатат. Калгандары орус тилдүү бала бакчалар. Бирок алардын билим берүү методикасына мамлекеттик тил сабак катары киргизилүүдө", — деди Акматова.

Ошондой эле ал бала бакчага барбай калган 6-7 жаштагы балдарга мектепке чейинки билим берүү максатын көздөгөн 480 сааттык "Наристе" программасы иштеп жатканын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0