ИИМдин өкүлү Казыбек Иманалиев

Иманалиев: өз өмүрүнө кол салуу фактысы Ошто көп катталган

136
(жаңыланган 15:50 10.09.2019)
ИИМдин өкүлү Казыбек Иманалиев суицидди алдын алуу иштери республика боюнча такай жүргүзүлүп келерин айтты.
Иманалиев: өз өмүрүнө кол салуу фактысы Ошто көп катталган

Соңку жети айда өлкө боюнча 46 суицид фактысы катталды. Бул тууралуу Казыбек Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өз өмүрүнө кол салуу фактысы жыл башынан бери Ош облусунда эң көп болду.

"Өз өмүрүнө кол салуу фактылары барган сайын азайып жатат. Буга тиешелүү тармактардын тынымсыз иш алып барып жаткандыгы негиз. Статистикалык маалыматтарга токтоло кетсек, өлкө боюнча 2013-жылы 125, 2014-жылы 103, 2015-жылы 96, 2016-жылы 95, 2017-жылы 97, 2018-жылы 88 суицид фактысы катталган. Ал эми быйыл жыл башынан берки жети ай ичинде 46 адам өз өмүрүн кыйды", — деди ИИМдин өкүлү.

Иманалиев эң көп көрсөткүч Ош облусунда экенин жана аталган аймакта 11 киши көз жумганын кошумчалады.

136
Белгилер:
статистика, ИИМ, факты, суицид
Тема боюнча
Өспүрүмдөрдүн өмүрүн алган 5 себеп аныкталды
Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов

Романов: пробациялык көзөмөл беш жылга чейин кесилгендерге колдонулат

42
Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов пробациялык көзөмөл эмнени түшүндүрөрүн айтып берди.
Романов: пробациялык көзөмөл беш жылга чейин кесилгендерге колдонулат

Пробациялык көзөмөл беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылгандарга колдонулат. Бул тууралуу Руслан Романов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Романов: пробация кардарынын эркиндигин чектөө эрежелери бар

Анын айтымында, пробациялык көзөмөлдү ишке ашырууга соттолуучунун макулдугу талап кылынат.

"Пробациялык көзөмөл анча оор эмес кылмыш жасап, беш жылга чейин эркинен ажыратууга өкүм чыккан кылмышкерлер үчүн каралган. Жасаган кылмышы жеңил болсо, сот аны коомдон обочолонтпойт. Кардарына аталган институт көмөк көрсөтүп эле тим болбостон, бир топ милдеттерди да бекитет. Алардын негизгиси болуп пробация органдарынын уруксатысыз өлкөнүн сыртына чыкпоого, сот өкүмү чыккандан кийин 10 күн аралыгында жашаган дареги боюнча пробация органына каттоого турууга, алардын белгилеген убактысында барып турууга милдеттендирилет. Ошондой эле жашаган, иштеген же окуган дареги алмашса дароо билдирип, сот өкүм кылган милдеттерди өз убагында аткарып жана аны кабарлап туруусу шарт. Мындан сырткары, алкоголдук, психотроптук же баңгизаттарын колдонбоосу, эгер карамагына алган улгайган адам же жаш балдар болсо, аларды багуусу, сот тарабынан бекитилген убакыттан башка учурда көчөдө жүрбөөсү, кылмыш учурунда келтирилген чыгым соттун өкүмүндө көрсөтүлгөн болсо аны берилген мөөнөттө калыбына келтирүүсү керек", — деди Романов.

Ал мындай эрежелер жашы жете электерге да колдонуларын кошумчалады.

42
Белгилер:
чектөө, эркиндик, пробация, Руслан Романов
Тема боюнча
Романов: коомдук иш жазасына тартылгандар күнүнө төрт саат гана иштейт
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков

Талантбеков: "Манас" эпосунда чачтарач, сулуулук салонду "сүзгөр" дейт

287
(жаңыланган 15:57 09.07.2020)
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков ар бир кыргыз эне тилинде сүйлөшү керектигин айтты.
Талантбеков: "Манас" эпосунда чачтарач, сулуулук салонду "сүзгөр" дейт

Манаста "сүзгөр" деген сөз бар. Ал чачтарач, сулуулук салону дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Анын айтымында, учурда мекеме, ишканалардын аты мамлекеттик тилде, анан расмий тилде, андан кийин чет тилдерде жазылат. Бирок кээ бир учурларда мамлекеттик тилде жазылганы толук кандуу кыргыз тилинде болбой жатат.

"Манас" эпосунда сулуулук тууралуу дагы кеңири баяндалган. Алсак, "сүзгөргө чачын таратып, сүзгөргө өзүн каратып" деген саптар кездешет. Бул саптардан сүзгөр дегенде чачтарач, же чач алуучу адам, ошол эле учурда сулуулук салону тууралуу кеп болуп жатканын аңдап биле алабыз. Ушундай сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонушубуз керек. Муну менен кыргыз тилине зор салым кошо алабыз", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал "Манас" эпосунда бир гана согуштук, баатырдык окуялар эмес, кыргыздын күнүмдүк жашоо-турмушу тууралуу кенен маалымат камтылгандыгын кошумчалады.

287
Белгилер:
сулуулук, Манас эпосу
Тема боюнча
Талантбеков: "Манас" эпосунда тырмак алгыч "тырабдал" деп айтылат

АКШ Сирияны колдоого алган Россия менен Кытайды жазаламай болду. Видео

0
АКШнын мамкатчысы Россия менен Кытай БУУдагы вето укугунан ашкере пайдаланарын айтып, жазалоо керектигин жар салды.

Аталган өлкөлөр Сирияга көрсөтүлчү гумжардам боюнча резолюцияны токтотуп койгон. Бельгия менен Германия Түркия менен Сириянын чек арасындагы эки өткөрүү пунктун калтырууну сунуштаган, бирок Москва менен Пекин буга макул болгон эмес. Россия өзүнчө долбоор иштеп чыккан.

Америкалыктар эмнеге нааразы болуп жатканын биздин видеодон көрүүгө болот.

0
Белгилер:
гуманитардык жардам, жаза, АКШ, Кытай, Россия, Сирия
Тема боюнча
АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан качан чыгарын так айтты