Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адис: соцтармакты коопсуз колдонуунун 7 эрежеси бар

© Sputnik / Табылды КадырбековКоммерциялык банктардын биринин маалыматтык коопсуздук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сейтек Курманов. Архив
Коммерциялык банктардын биринин маалыматтык коопсуздук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сейтек Курманов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык банктардын биринин маалыматтык коопсуздук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сейтек Курманов социалдык тармакты колдонуудагы жети эрежеге токтолду.
Адис: соцтармакты коопсуз колдонуунун 7 эрежеси бар

Соцтармактагы досторго түрдүү шилтемелерди жөнөтүп тажатпоо керек. Мындай көрүнүш этикага жатпайт. Бул тууралуу Сейтек Курманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бирөөнүн жазган постун автордун уруксатысыз көчүрүп, өз баракчасына жайгаштырып алуу туура эмес. Ошондой эле адамдардын макулдугусуз анын баракчасын белгилеп маалымат таратуу да мамилелешүү эрежесин бузгандык болуп эсептелет.

"Соцтармактарга катталууда өздүк маалыматтарды чектөө зарыл. Телефон номер, жашаган дарегиңизди жазбай эле койгонуңуз оң. Ал эми сүрөт жүктөөдө ачык, спирт ичимдиктери, чылым сыяктуу заттар бар фотолорду чыгарбаш керек. Бул, биринчиден, сизди эле эмес жакындарыңызды да уят кылып коюшу мүмкүн. Экинчиден, сизге каршылаштар кара ниеттүүлүк менен колдонуп кетүүсү мүмкүн. Ошондой эле башкалар менен чогуу түшкөн сүрөттөрдү алардын уруксаты жок баракчаңызга жүктөбөңүз. Пост жазарда досторуңузду белгилеп койгуңуз келсе, сөзсүз алардын макулдугун алыңыз. Досторуңузга кат куржундан аларга кызыксыз шилтемелерди жиберип, тажатпаңыз. Мындай аракеттер мамилелешүү этикасына туура келбейт", — деди Курманов.

Адис бирөөнүн жазган постун көчүрүп аларда андан уруксат суроо зарылдыгын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0