Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчисинин орун басары Канатбек Осмонов

Осмонов: сунушталган мыйзам профсоюздун мүлкүн тартып алууну көздөйт

105
(жаңыланган 14:41 13.09.2019)
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчисинин орун басары Канатбек Осмонов "Профессионалдык союздар жөнүндө" мыйзамы боюнча сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбооруна каршы эместигин айтты.

Кыргыз Республикасынын профсоюздар жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында депутаттар жаңы мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Бирок анда аталган уюмдун ишин жакшыртуу мүдөөсү эмес, бир үй-бүлөнүн саясий кызыкчылыгы бар. Мындай пикирин Канатбек Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, профсоюзга караган кыймылсыз мүлктү тартып алуу максатында иштеп жаткан мыйзамга алымча жана кошумчалар сунушталууда.

"Профсоюздар федерациясынын учурдагы төрагасы Мирбек Асанакунов. Анын жубайы ЖКнын депутаты, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова. Профсоюздар жөнүндө мыйзамына сунушталып жаткан өзгөрүүлөр мына ушул үй-бүлөнүн жеке кызыкчылыгын гана көздөөдө. Алар аталган уюмга тиешелүү кыймылсыз мүлктү тартып алууну каалап жатышат. Биз муну сезип, билип турабыз. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна профсоюздук кеңештин 29 мүчөсүнүн көпчүлүгү каршы пикирин билдиргенине карабай, төрага парламентке барып башкача сүйлөп коюуда. Ошентип анын жеке кызыкчылыгы ачыкталып калып жатат", — деди Осмонов.

Ал профсоюздар федерациясынын көпчүлүк мүчөсү мыйзамдын жаңылануусуна каршы эместигин, бирок саясий кызыкчылыктарсыз кабыл алынуусун каалашарын кошумчалады.

Канатбек Осмоновдун пикирин толугу менен текстке камтылган аудиодон уга аласыздар.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Гүлшат Асылбаева, Данияр Төлөнов жана Талайбек Масабиров КРдин "Профессионалдык союздар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташкан. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөн.

Айта кетчү жагдай, респонденттин пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.

105
Белгилер:
үй-бүлө, парламент, мыйзам, профсоюз
Тема боюнча
Сагынбек уулу: кыргыз тил мыйзамынын эрежелери сакталбаган 17 учур катталды