Латын алфавитине өтүүнүн зарылдыгын көргөн жокмун. Ал арибди колдонуу менен эле өлкө өнүгүп кетпейт. Мындай пикирин Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргыздар 1928-1940-жылдары латын алфавитин колдонушкан.
"Азыркы учурда латын тамгаларына өтүүнүн кажети жок. Аталган арибди колдонуп баштасак эле өлкөбүз гүлдөп, өнүгүп кетет дегенден алысмын. Латын алфавитине өтүү оңой иш эмес. Аны алгач филологиялык жана лингвистикалык терең талдоодон өткөрүп, күңгөй-тескейин анализдеп чыгышыбыз керек. Кыргыздар латын арибин 1928-1940-жылдары колдонгон. Ал жылдары Ишеналы Арабаев менен Кусеин Карасаевдин "Жаңылык" аттуу окуу куралы латын тамгалары менен басылып чыккан. Кийин дагы бир нече китептер жарык көрдү. Аздыр-көптүр 10 жылдан ашуун убакыт латын алфавитин колдонгон тарыхыбыз бар. Алгач ошол мезгилди иликтеп чыгып, анан маселени козгосок болот. Азырынча андай олуттуу өзгөрүүлөргө даяр эмеспиз", — деди Ишекеев.
Ал ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү бала бакча, мектептердеги билим берүү методикасын өзгөртүүдөн баштоо зарылдыгын кошумчалады.
"Кыйгак" найзанын учундагы курч металлды түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Анын айтымында, бул сөздү бир нече мааниде колдонууга болот.
"Жыгач найзанын учуна ашталып бекитилген курч металлды "кыйгак" деп койгон. Ошондой эле колду тилип кете турган жалбыракты дагы ушул сөз менен сүрөттөөгө болот. Мындан тышкары, "кыйгак" сөзүнүн өтмө маанисинде уу, ууландыруучу же мас кылуучу нерсе катары түшүнүүгө болот. Бул үч маанисин тең колдонууга мүмкүндүк бар. Адатта ууну өз аты менен эле атап жүрөбүз. Бирок анын синоними катары "кыйгак" деп колдонуу дагы артыкчылык кылбайт", — Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөр күнүмдүк турмушта көбүрөөк колдонулса, тилди байытууга, шөкөттөөгө көмөгү тие турганын кошумчалады.
Эгер чоңдор китеп окуп, жомокко маани берсе, ал өзүнүн жүрүм-туруму, кулк-мүнөзүнө көңүл буруп, балдарына туура тарбия бере алат. Мындай оюн Бегайым Жайчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чоңдорго арналып жазылган жомоктордун саны көп болгонуна карабастан улуулар ага жакшы маани бербей келишет.
"Жомок менен балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбияласа болот. Чоңдорго арналып жазылган жомоктор абдан көп. Кайнене менен келинге, ата менен балага арналган, жаратылышты сактоого, жалкоолукка арналган жомоктор бар. Сулайман Рысбаев деген балдар жазуучусу көптөгөн жомокторду жазат. Ал азыркы күндүн талабы менен мурункуну байланыштырып, кооздоп, тарбиясы терең чыгармаларды жаратууда. Чоң адамдар үчүн да ойлондурган, олуттуу жомоктору көп. Мисалы, "Балык балдар" деген жомогу бар. Көлдүн жээгинде арак ичип, таштандыларды ыргытып булгаган чоң кишилердин туура эмес жоруктарын көргөн кичинекей балдар аларга таарынып, түндө көлгө балык болуп кетишет. Мына ушундай мааниси терең жомокторду улуулар да окуп туруусу зарыл", — деди Жайчиева.
Ошондой эле жомокчу балдар адабиятына өзгөчө көңүл буруп, баланын коомдогу ордун калыптандырыш үчүн ата-энелер балдарга китеп окуп бериши керектигин кошумчалады.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.
Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.
Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган.