Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бузурманов: уктап жатканда тишин кычыраткандар нервин да текшертиши керек

© Sputnik / Табылды КадырбековСтоматолог Бактыяр Бузурманов
Стоматолог Бактыяр Бузурманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы практикалык тиш доктур Бактыяр Бузурманов бруксизм же тиш кычыратууда кандай чараларды көрүү керектигин айтты.
Бузурманов: уктап жатканда тишин кычыраткандар нервин да текшертиши керек

Бруксизм адаты өзгөчө кичинекей кезде пайда болот. Бул тууралуу адис Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, уктап жатканда тиш кычыратуу эмалдын сүрүлүп, бузулушуна алып келет.

"Бруксизм менен жабыркаган адамдар дарыгерге дароо кайрылышы керек. Эгер ал адаттан арыла албаса, кечинде "капа"— жумшак пластмассадан жасалган тиш коргогуч кийип жатышы керек. Аны адистер жасап берет. Бул тиштин сүрүлүүсүнөн коргойт. Тиш кычыратуу адатынан арылуу үчүн стоматологго гана эмес, неврология борборуна да барып текшерүүдөн өтүү зарыл", — деди Бузурманов.

Дарыгер бруксизм адатынан толугу менен кутулуу мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0