Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадышева: электрондук капчыкты идентификациялоо керек

© Фото / Ажар МэлсоваПроектный менеджер одного из коммерческих банков Кыргызстана Алмагуль Кадышева
Проектный менеджер одного из коммерческих банков Кыргызстана Алмагуль Кадышева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы коммерциялык банктардын биринин долбоордук менеджери электрондук капчыкты идентификациялоо аракеттерин түшүндүрүп берди.
Кадышева: электрондук капчыкты идентификациялоо керек

Электрондук капчыкты идентификацияласа, анын мүмкүнчүлүктөрү көбөйөт. Бул тууралуу Алмагүл Кадышева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, идентификация процесси өтө эле жөнөкөй.

"Электрондук капчыктын ээси тиешелүү банктын каалаган бөлүмүнө кайрылып, өз капчыгын идентификациялап алса болот. Жанында милдеттүү түрдө паспорту болуусу керек. Идентификацияланган капчыкта балансындагы каражатты накталоо, төлөм картасын электрондук капчыкка байлоо жана аталган системалар ортосунда акча которуу мүмкүнчүлүктөрү ачылат. Мындай учурда электрондук капчыгында 15 000 сомго чейин акча калдыгын сактап, айына 30 000 сомдон ашуун суммада төлөмдөрдү жүргүзө алат. Ошондой эле төлөм картасындагы каражатын бир жолу электрондук капчыкка которуу менен түзмө-түз ал каражаттан колдоно алат жана, тескерисинче, электрондук капчыктагы акчаны картага которуп койсо болот", — деди Кадышева.

Адис кызматты колдонуудагы тиешелүү чектөөлөр банк тарабынан гана коюларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0