Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмамбетова: бишкектиктердин маданиятын көтөрүш керек

© пресс-служба мэрии города БишкекРуководитель пресс-службы мэрии Бишкека Гуля Алмамбетова
Руководитель пресс-службы мэрии Бишкека Гуля Алмамбетова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова борбор калаада маданий иш-чараларды көбүрөк өткөрүп туруу керектигин айтты.
Алмамбетова: бишкектиктердин маданиятын көтөрүш керек

Бишкек шаарынын тургундарынын жана конокторунун маданиятын көтөрүү учур талабы болуп турат. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коомчулукту маданияттуулукка үндөө — ар бир жарандын милдети.

"Калаа тургундарын көңүлдүү убакыт өткөрсүн деп Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишинде жаңы парк ачылды. Ал жакка ар кандай жаныбарлардын сөлөкөттөрү коюлуп, жакшынакай жарыктандыргычтар менен отургучтар орнотулган. Тилеке каршы, аларды сейил бакка келген айрым эс алуучулар бүлдүрүп кетип жатышат. Парктын ачылганына бир ай болбой жатып, ушундай абалга келгени беймаза кылууда. Мындай жагдай шаар тургундарынын жана конокторунун маданияттуулугу аксап жатканынан кабар берет. Бул көйгөйдү чечиш үчүн маданий иш-чараларды көбүрөөк өткөрүп, коомчулукту адептүүлүккө чакырышыбыз абзел. Өз кезегинде Бишкек мэриясы бул багытта тийиштүү иштерди алып барууга даяр", — деди Алмамбетова.

Ошондой эле ал борбор калаадагы коомдук транспорттордо классикалык музыка жана шаардагы маданий жайлар тууралуу маалымат берүүчү аудиолорду жаңыртып туруу пландалып жатканын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0