Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: 21-сентябрда Ысык-Көлдүн айланасын тазалоо боюнча акция өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев
Аким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл райондук администрациясынын башчысы Данир Иманалиев жергиликтүү калктын таштанды ыргытууга болгон мамилеси мурдагыдан жакшырып калгандыгын айтты.
Иманалиев: 21-сентябрда Ысык-Көлдүн айланасын тазалоо боюнча акция өтөт

21-сентябрда Ысык-Көлдүн айланасын тазалайбыз. Аталган акцияга бардык каалоочулар катыша алат. Бул тууралуу Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, таштандыларды чогултууга жергиликтүү калк, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер чыгат.

"Ысык-Көл районунда 13 муниципалитет бар. Анын бирөө мэрия болсо, калганы айыл өкмөттөрү. Ошондой эле Тамчы айыл аймагынан баштап Корумдуга чейин 168 эс алуучу жай жайгашкан. Пансионаттар жалпысынан 24 миң адамды бир учурда кабыл алууга мүмкүнчүлүгү жетсе, жеке секторлор суткасына 15-16 миң туристти тейлейт. Албетте, мынча киши бир учурда келип жаткан соң чыккан таштандынын да көлөмү эбегейсиз көп болот. Ошого карабай район тургундарынын санына эсептелген муниципалитет кызматкерлери тазалыкты сактоого болушунча аракеттенип келет. Бул иштерге соңку 10 жыл аралыгында жергиликтүү калк да активдүү катышып, маданияты жогорулап жатат. Жашоочулардын катышуусу менен кезектеги тазалык акциясын 21-сентябрда өткөрүүгө белсенип турабыз. Ага каалоочулардын баары келсе болот", — деди Иманаилев.

Аким ошондой эле райондон чыккан таштандынын 60 пайыздан ашууну полиэтилен баштыктары болуп жатканын, бул экологияга олуттуу кедергисин тийгизерин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0