Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шерипова: кырсыктардын алдын алуу боюнча бир айлык өтүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата бир айлык экинчи ирет өтүп жатканын айтты.
Шерипова: кырсыктардын алдын алуу боюнча бир айлык өтүүдө

Ысык-Көл облусунда 10-11-сентябрь күндөрү өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү боюнча тегерек стол жана "Социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар" темасында 300 окуучуга семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Элмира Шерипова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган күндүн белгилениши кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү боюнча калктын билимин жогорулатуу болуп саналат.

"Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү жыл сайын 5-октябрда республикалык деңгээлде белгиленип келет. Ошого карата өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен 5-сентябрдан 5-октябрга чейин бир ай бою активдүү иш-чараларды өткөрөлү деп турабыз. Өлкөдө табигый же техногендик кырсыктар кандайча болот, мындай учурда өзүн кандай алып жүрүү керек, жаракат алган адамга куткаруучулар келгиче эмне жардам көрсөтүү керектигин үйрөтөбүз. Мектептерде, жогорку окуу жайларында жана эл көп жүргөн соода борборлорунда объектилик, тактикалык машыгууларды өткөрөбүз", — деди Шерипова.

Ал иш-чарага ӨКМ жетекчилиги, өздүк курам, жергиликтүү бийлик, мектеп окуучулары жана эл аралык уюмдар катышарын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0