Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адис төлөм картасын колдонуудагы коопсуздук эрежелерин айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКоммерциялык банктардын биринин маалыматтык коопсуздук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сейтек Курманов. Архив
Коммерциялык банктардын биринин маалыматтык коопсуздук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сейтек Курманов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык банктардын биринин маалыматтык коопсуздук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сейтек Курманов банктык карталарды колдонууда PIN-код, CVV-код жана он алты сандан турган жеке номерге сак болуу керектигин айтты.
Адис төлөм картасын колдонуудагы коопсуздук эрежелерин айтып берди

Банктык карта менен төлөм жүргүзүп жатканда аны эч качан чоочун бирөөнүн колуна бербеш керек. Төлөм картасын алган адам анын бетиндеги жеке коддорду жаттап же жазып калышы мүмкүн. Бул тууралуу Сейтек Курманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, электрондук төлөм жүгүзүүдө сатуучу төлөмдү кабыл ала турган жабдыкты (POS-терминал) кардарга алып келип бериши керек.

"Банктык карта менен төлөм жүгүзүүдө сөзсүз анын жеке номери, PIN жана CVV-коддоруна сак болуш керек. Себеби учурда айрым шылуундар төлөм карталарындагы сандарды колдонуп, интернет аркылуу башка бирөөнүн эсебинен соода кылып жүрүшөт. Мунун алдын алуу үчүн төлөм карталарын эч качан чоочун бирөөнүн колуна бербөө зарыл. Соода-сатык учурунда сатуучу POS-терминалды кардардын жанына алып келип бериши талап кылынат жана төлөм карта ээсинин көз алдында жүргүзүлүшү абзел. Анткени картанын бетиндеги жеке номерди жана CVV-кодду сатуучу жаттап же жазып калбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Ошондой эле үч сандан турган CVV-кодду колдон келсе жаттап алып, картанын бетинен өчүрүп койгон жакшы. Ал негизи интернет аркылуу соода кылганда гана колдонулат", — деди Курманов.

Адис ошондой эле эгер төлөм карта жоголуп кетсе дароо банктын кызматкерлерине маалымдап, картаны блокко түшүртүп коюш керек экенин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0