Борборубуздагы жеке клиникалардын биринин дарыгери, акушер-гинеколог Аида Арстанбекова

Гинеколог: бойдон алдыруу организмдин функциясын бузат

280
(жаңыланган 17:03 20.09.2019)
Борборубуздагы жеке клиникалардын биринин дарыгери, акушер-гинеколог Аида Арстанбекова бойдон алдыруу кооптуу экенин айтты.
Гинеколог: бойдон алдыруу организмдин функциясын бузат

Кош бойлуу аял түйүлдүктү алдырганда организми олуттуу стресс алып, анын иштөө функциясы бузулат. Бул тууралуу Аида Арстанбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк айымдар сактануу ыкмасын колдонгондон көрө баланы алдырып салуу жеңил деп ойлошот.

"Бойдон алдыруу абдан кооптуу. Аялдардын организми түйүлдүк түйүлгөндө эле аны тогуз ай көтөрүүгө толугу менен өзгөрүп, даяр болот. Организм өзү даяр болуп, кабыл алган түйүлдүктү алып таштоо анын иштөөсүнүн бузулушуна алып келет. Алгач эле этек киринин келүүсү бузулат. Ал артынан түрдүү, кооптуу ооруларды чакырат. Бул чоң маселе. Ошентсе да азыркы учурда дары-дармектин жардамы менен түйүлдүктү алдыруунун анчейин коопсуз жолдору бар. Бул учурда ар бир айымга индивидуалдуу мамиле жасалат", — деди гинеколог.

Дарыгер балалуу болордон мурун аны пландап, үч ай толук даярдык көрүү керектигин кошумчалады.

280
Белгилер:
ден соолук, бойдон алдыруу, гинеколог
Тема боюнча
Өлкөнүн кайсы аймагы кандай дарыгерге муктаж? Статистика
Консенсус долбоорунун программалык офицери Айзат Русланова

Русланова: чек арага жакын жашаган жаштарды чатакта тил табышууга үйрөтөбүз

47
(жаңыланган 18:27 25.09.2020)
"Консенсус" долбоорунун программалык офицери Айзат Русланова 26-сентябрдан 25-октябрга чейин Кыргызстандын чек ара аймактарында жашаган жаштарга сынчыл ой жүгүртүү жана натыйжалуу сүйлөшүү көндүмдөрү үйрөтүлөрүн айтты.
Русланова: чек арага жакын жашаган жаштарды чатакта тил табышууга үйрөтөбүз

Долбоор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы чек арага жакын тогуз айыл аймактардагы жаштарды камтыйт. Анда жөн гана күнүмдүк жашоодо калк арасындагы кездешчү жер, суу талашып же тил табыша албай жаралган чатактарды чечүү каралган. Бул тууралуу Айзат Русланова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, окутуу долбооруна 14 жаштан 21 жашка чейинки 54 адам катышат. Программа келечекте аларга чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салууга, тынчтык, пайдалуу жана мыйзамдуу ыкмалар менен чатакты чечүүгө жардам берет.

Башкыртстан чек арада калган кыргыз мигранттарына кантип жардам берүүдө. Репортаж

"Консенсус" долбоору эки этапта өтөт. Биринчиси, көнүгүүлөргө басым жасоо менен машыгуу, экинчиси, ойдон чыгарылган жасалма чатакты чечүү боюнча кейс-турнир өткөрүлөт. Окутуу Zооm платформасынын жардамы менен өтөт. Вебинарлардын натыйжалуу өтүшү үчүн катышуучулар үч топко бөлүнөт. Ар бир топтун өзүнүн жалпы сүйлөшүү чаты болот. Ал жерден онлайн-сабактарга жана окуу материалдарына шилтемелерди алып турушат, ошондой эле суроолорду берип, даярдалган мисалдарды талкуулашат. Биздин вебинарларда кыскача көнүгүүлөр камтылып, алар билимди бекемдеп, жөндөмдү жакшыртат. Долбоор 26-сентябрдан 25-октябрга чейин өтүп, программа боюнча ар күнү эки жарым сааттан окуу жүрөт. Ал эми кейс турнирде 18 команда ар түрдүү ролдорду аткарып, сүйлөшүүлөр аркылуу ар кандай чыр-чатактарды оң чечүү жагын издешет. Мында башкы максат жеңишке жетүү эмес, эң оптималдуу чечимди табуу. Ар бир раундда командаларга ар кандай ойдон чыгарылган окуялар берилет. Катышуучуларга бардык тараптын кызыкчылыктарына туура келген чечим чыгарып, бир консенсуска жетүү тапшырмасы коюлат.  consensus.ideaca.today сайтында атайын бардык адамдар көрө алган турнирдик блок түзүлөт", – деди Русланова.

Ал командалардын оюндарына эксперттик калыстар тобу баа берерин кошумчалады.

47
Белгилер:
чек арачы, долбоорлор, тренинг
Тема боюнча
Көптү үйрөндүк. Онлайн окууну кызыктуу жумушка айлантып алган мугалимдер
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов. Архив

Бактыгулов: ЕАЭБ, Кытай соода алакасы Кыргызстанга 3 млрд. сом пайда берет

30
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эл аралык Бреттон-вудс системасы, финансылык институттар түзүлүп, алар долларга байланып калганын айтты.
Бактыгулов: ЕАЭБ, Кытай соода алакасы Кыргызстанга 3 млрд. сом пайда берет

ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы соода-алака улуттук валюта аркылуу жүргүзүлсө, Кыргызстан 3 миллиард сом үнөмдөп калат. Натыйжада бул товарлардын наркы арзан болушуна мүмкүндүк түзмөк. Мындай пикирин Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, соода байланыштарын улуттук валютада жүргүзүү үчүн алтындын баасын ченем катары колдонууга болот.

Карабаева: ЕАЭБде доллардан арылуу маселеси бир нече жолу талкууланган

"ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы соода байланыштарын улуттук валюта менен жүргүзүүдө эл аралык финансылык система кандай иштей турганын кароо зарыл. Бреттон-вудс системасы түзүлгөндө долларга байланып калган. Ошондон тарта көптөгөн өлкөлөр соода жүргүзүүдө аталган валютаны колдонууда. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетип, сомду кабыл алганда дагы долларга байлашкан. Соода байланыштарынын баары аталган акча бирдиги менен жүргүзүлгөндүктөн, ишкерлерибиз кайсы валютада соода кылса да сомду долларга алмаштырып, аны кайра керектүү валютага өткөрүүгө туура келүүдө. Мисалы, кыргыз-кытай соода айлантуусу 3 миллиард доллар. Анан алмаштыруудан ар бир доллардан элүү тыйын, бир сом үнөмдөлсө, 3 миллиард сом өзүбүздө калмак. Бул Кыргызстан үчүн чоң эле каражат. Ал мамлекетте калса товарлардын наркы да арзандамак", — деди Бактыгулов.

Серепчи Бреттон-вудс системасын көзөмөл кылган өлкөлөр Кытайдын өз алдынча валюталык саясатына каршы болуп жатышканын кошумчалады.

Бреттон-Вудс системасы — акча мамилелерин жана соода эсептерин уюштуруунун эл аралык системасы. Ал 1944-жылдын 1-июлунан 22-июлуна чейин өткөн Бреттон-Вудс конференциясынын жыйынтыгы менен түзүлгөн. Аталган система "алтын стандартына" негизделген каржы системасын алмаштырган.

Шерадил Бактыгулов ЕАЭБ валюта ишкер

30
Тема боюнча
ЕАЭБ менен Кытай: кызматташуунун бир нече тармагы талкууланды
Европа биримдигинин желеги. Архивдик сүрөт

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

0
(жаңыланган 21:31 25.09.2020)
Иш жүзүндө Батыш тарабынан жарыяланган кансыз согуш таптакыр жаңы баскычка аяк басты. Антироссиялык риториканын аркасынан өздөрүндөгү расмий идеологияга сыйбаган ой жүгүрткөндөрдү да куугунтуктоого чакырыктар башталбай калбайт көрүнөт.

Кырдаалдын өнүгүшү менен РФ эми мындай антироссиялык каралоо жана санкциялардын негизги бутасы болбой калганы аныкталат. Болбосо, Европарламенттин соңку резолюциялары Россия жана россиялык саясатка карата катаалдай туюлган. Мунун тегерегинде Владимир Корнилов саресеп салган.

Анда ал түгүл РФ Конституциясын өзгөртүү талабы да камтылган. Бирок ошол эле мекеменин трибунасынан Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен сүйлөдү. Россия тууралуу бир гана ирет үн катты, болгондо да кандай?! “Россия менен тыгыз мамиледегилердин баарын” коркутту.

Башкача айтканда, анын кайрылуусу Москвага эмес, Евробиримдиктин өзүнүн ичиндеги Брюсселдин тышкы саясаты дурус нук аларына үмүттөнгөн мамлекеттерге жана саясий топторго багытталгандай. Ага удаа эле Германиянын мурдагы коргоо министри европалык оппозицияга “Биз силерге баратабыз” дегендей сөөмөй кезеди.

Вашингтон Тегеранга эмнеге кайра санкция киргизди? АКШнын жеңилүү коркунучу

Ал гана эмес батыш басма сөзү ошол кеңири кебинен негизги билдирүү катары Россия туурасындагы кыска эле жерин: “Евробиримдиктин лидери Россия менен байланыштан сак болууну эскертет” деген темада биринчи бетке чыгарды. Баарына кулак кагыш кылгандай. Айрым европалык саясатчылар ынандыргандай, ички оппозицияга мамилени кескин катуулатуу “берлиндик бейтаптын” тегерегиндеги жаңжалга жооп эмес экендигинде шек жок. Бул болду-болбоду Берлиндеги россиялык элчиликтин алдында “Путин! Путин!” деп жапырт кыйкыргандарга “эскертүү” болду окшойт.
Бул “маселени” жакында эле Süddeutsche Zeitung басылмасы да көтөрдү. Сөзмө-сөз келтирсек: "Россиялык мамлекеттик маалымат каражаттарынын таасири Навальныйдын ууланышы көп талашты жараткан Германияда да жогору.

Мамлекеттик телеберүүнүн немис тилдүү бөлүмү RT Deutsch материалдары болуп көрбөгөндөй популярдуу. ЕСВС (Европалык тышкы байланыш кызматы — авт. тактоосу) маалыматы боюнча, ушул тапта Германияда социалдык медиада айтылышы боюнча экинчи орунду ээлейт", – деп жазылган.

Эмнеге немис гезиттеринин популярдуулугу төмөндөп баратканын Süddeutsche Zeitung басылмасынын авторлору изилдөөгө алы келбейт. Алардын пикиринде, Европада россиялык маалымат каражаттары европалык коомчулуктун катарында “шек жаратууну” көздөйт.

Газдын баасын бороон-чапкын жана бандалар аныктоодо. 2020-жылдын оош-кыйышы

Кызык, кандайча батыш журналисттери шек саноолордун болушун өтө жаман нерсе катары санашат? Кыязы, демократиялык Европа дайым тоталитаризм жана расмий пикирлештикти айыптап келишпеди беле.

Батыш журналисттери жана саясатчылар эми эмнеге алардын мекендештери “уулануу” боюнча кабарлардын чындыгын издөө аракетинде жергиликтүү гезит жана маалымат каналдарына туура альтернативаны издеп жатканына чындап таң калууда.

Бул Германияга гана тиешелүү эмес. Европанын кайсы өлкөсүн албаңыз, ушул жөнүндөгү талкууга күбө болосуң. Мисалы, чехиялык эксперт Ян Шир журналисттердин “даярдыксыздыгы” менен түшүндүрөт. Аларды тек гана “туура багыттоо” зарыл: Донбасстын көтөрүлүшчүлөрүн "сепаратист" эмес, "россиялык армия" деп атоого мажбурласак, дароо керектүү жыйынтыкты алабыз. Донбасста ушунча жылдан бери россиялык армияны эч ким таба электиги менен кимдин кандай иши болсун?! Ширдин оюнда, чехиялык телеберүүнүн эфирине “туура” эксперттерди гана чакыруу керек имиш.

Европада эпидемиологиялык абал эмнеге начарлап баратат. ДССУнун түшүндүрмөсү

Чындап эле Шир жана мындай эксперттер ой жүгүртө алган киши эртеби-кечпи сенсациялык “фактылардын” чын-бышыгын билүүгө аракет кыларын ойлобойбу? Гезиттерден алгылыктуу эч нерсе таппаса, альтернативдик булактарга сөзсүз кайрылат. Россиялык маалымат каражаттарынын окумдуулугу артканы ушул менен да түшүндүрүлөт. Анткени, булар кеминде эле тигил же бул көйгөйдү ар тараптан карап, өз бүтүмүн чыгарууга мүмкүндүк берет. Россия жана Европанын ичиндеги бөтөнчө ой жүгүртүү менен күрөшкөн батыш эксперттери дал ушундан кооптонот.

Ошондой күрөштүн жапжаңы мисалы — Италиянын аймактарында ушул аптада өткөн жергиликтүү шайлоо. Оппозициялык “Лиганын” жеңичинен чочулагандар дароо маалымат каражаттарына антироссиялык картаны көтөрүп чыкты. “Лигага” байланышы бар деген кайсы бир электр ишканасынын ээсинин орус аялы бар, ал ага Россияга акча которуп турган” дегенди далил катары келтиришкен. Аталган уюмга каршы уюштурулган бул жаңжалды акча Италияга эмес, Россияга “которулганы” деле жокко чыгарат. Бирок кандай болгон күндө оппозициянын Кремль менен байланышына окурмандарды ынандырууну максат кылышат. Акылга сыярлыкпы же болбогон жолбу, аларга баары бир. Ушунча жылдан бери “рублди да, матрешканы да” эч ким таба албаганы тууралуу “Лиганын” лидеринин билдирүүсү либералдык италиялык маалымат каражаттарын жана брюсселдик саясатчыларды таптакыр кызыктырбайт.

Ушундай саясий чайкоочулукту уюштуруу менен европалык либералдардын идеолог жана негизги күчтөрүнүн бири Ги Верхофстадт Европарламенттин залынан Сальвинини "Путинден акча алууга" ачык эле айыптаган.

Россиялык адис: Европа неоулутчулдуктан азырынча чочулабайт өңдөнөт

"Жеке мен бизге үйрөтүүгө тырышкан бул адамдар Европа биримдигин кыйратуу үчүн акча алышат деп ойлойм", — деп билдирген Бельгиянын мурдагы премьер-министри.

Европа “саткын” деп жарыялагандарды тегиз тазалоо менен коркутуу — бул согуштун жүрүшүндө туткун алууга ашыкпайт. Ал эми бул башталышы гана...

0
Белгилер:
Россия, согуш, Батыш, Европа
Тема боюнча
ДССУ Европада коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганын жар салды