Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева

Тогузбаева: айдоо жерди кышкыга даярдоо түшүм үчүн өтө маанилүү

46
(жаңыланган 15:45 20.09.2019)
Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева кийинки жылы мол түшүм алуу үчүн айдоо талааларын кышкыга даярдоо маанилүү экендигин айтты.

Күзүндө түшүм жыйналган соң жерди да кыш мезгилине даярдоо керек. Бул тууралуу Дария Тогузбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алгач эле айдоо аянтын түшүмү жыйналган эгиндин калдыктарынан, отоо чөптөрдөн, бак-дарактардын сынган бутактарынан тазалап чыгуу зарыл.

"Адатта эгин талаасын даярдоо иштерин эрте жазда жасайбыз. Бул туура эмес. Биринчиден керектүү деңгээлде тазалап, талааны эс алдырганга жетишпей калабыз. Экинчиден башка иштер менен алек болуп жүрүп, даярдабастан эле дароо айдап-сепкенге муктаж болобуз. Андыктан тазалоо иштерин түшүмдүн баары жыйналып бүткөндө, кеч күздө жасаш керек. Алгач аны тазалап, чыккан калдыктарды органикалык компост жасалып жаткан чуңкурга төгөбүз. Андан соң жалпак тиштүү кыргыч менен жердин үстүңкү катмарын каңтарып чыгабыз да фосфор жана калий менен байытылган жер семирткичти чачабыз. Анан жай, узак убакытка жерди сугарабыз. Суу жерге бир метр тереңдикке чейин сиңиши керек. Бул анын нымдуулугун сактап, кыштан жакшы чыгышын шарттайт", — деди Тогузбаева.

Адис ушундай эле ыкма менен мөмөлүү бак талааларын кышка даярдоо зарылдыгын жана сугарууда ар бир орточо даракка 30-40 литрге чейин суу керектелерин кошумчалады.

46
Белгилер:
даярдык, кыш, талаа, айдоо
Тема боюнча
Айыл чарба адиси компостту туура жасоонун ыкмаларын айтып берди