Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: бир жылда бир пансионат 2800 сом гана айып пул төлөптүр

© Sputnik / Табылды КадырбековАким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев
Аким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл райондук администрациясынын башчысы Данир Иманалиев экологияга зыян алып келген пансионаттарга жогорку суммадагы айып пулдарды салуу учур талабы экендигин айтты.
Иманалиев: бир жылда бир пансионат 2800 сом гана айып пул төлөптүр

2018-жылды алып карай турган болсок Экотехинспекция бир жыл ичинде 168 пансионатка 500 миң сомдук айып пул салыптыр. Бул тууралуу Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул багытта райондук администрациянын өкмөткө, Жогорку Кеңешке өз сунуштары бар.

"Экотехинспекция тарабынан район аймагында жайгашкан 168 пансионатка бир жылда 500 миң сом айып пул салыныптыр. Анын ичинен 40 миң сому гана айлана-чөйрөгө келтирген зыяны үчүн каралган. 40 миң сомдун да болгону 20 миң сому төлөнүптүр. Бул саркынды сууларды тазалоочу жайлары талапка жооп бербеген пансионат бир жыл бою мыйзам бузуу менен иштеп, орто эсепте 2800 сом айып пул төлөдү дегенди түшүндүрөт. Саркынды сууларды тазалоочу жайды жаңылоо үчүн 100 миң доллардын тегерегинде акча кетет. Албетте, айрым уяты жок ишкерлер үчүн 2800 сом төлөп коюп, көлдүн экологиясын бузуп, бизнесин жасай берген ыңгайлуу да. Ошондуктан биз экологиялык мыйзам бузууларга айып пулдардын өлчөмүн көбөйтүшүбүз керек, аны аткаруу талаптарын да өзгөртүүгө тийишпиз", — деди Иманалиев.

Аким Ысык-Көлдүн экологиясына азыртадан олуттуу мамиле жасалбаса келечекте орчундуу көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0