Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаевдин архивдик сүрөтү

Сарыбаев: мамлекеттик ведомстволор бизнеске аралашпашы керек

(жаңыланган 09:53 23.09.2019)
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев Кыргызстандын Конституциясына ылайык өлкөдө ишкерликтин бардык түрү менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.
Сарыбаев: мамлекеттик ведомстволор бизнеске аралашпашы керек

Айрым шылуун адамдар мамлекеттик кызматты бизнеске айландырып алышкан. Ошонун кесепетинен жергиликтүү ишкерлик тармагы өнүкпөй жатат. Бул тууралуу Айылчы Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бизнесмендердин ишине мамлекеттик ведомстволор аралашып, аларга жол көрсөтүп, рыноктогу ордун таап берүүгө ашыга беришет, чынында бул туура эмес. Анткени ишкерлерди мажбурлап иш кылдыруу бизнес чөйрөсүнүн өнүгүүсүнө бөгөт коёт.

"Бизнес рыноктун шартында гана өнүгөт. Суроо-талапка жараша атаандаштык болуп, ишкерлер издене баштайт. Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонушат. Эң башкысы мыйзамда каралган ишкерлердин укуктары бузулбаса, сөзсүз өнүгүү болот. Ал үчүн Конституцияда бардык шарттар каралган. Бирок бизде айрым шылуундар мамлекеттик кызматты бизнеске айландырып алышты. Ошонун кесепетинен жылыш болбой жатат. Жемкорлуктун айынан ишкерлик чөйрөсү жапа чегүүдө. Айрым ведомстволор бизнесмендерге рыноктогу ордун таап берүүгө аракеттенишет. Бул туура эмес. Мажбурлоо болгон жерде өсүү болбойт. Ишкерлерди жайына коюп, алардын ишине мамлекеттик органдар тоскоол болбошу керек", — деди Сарыбаев.

Ошондой эле ал учурда ишкерлердин жаңы мууну пайда болуп, дүйнөлүк рынокко чыгууга жасалган аракети менен заман талабына жараша иш алып барууга умтулуп жатканын кошумчалады.

Белгилер:
мамлекет, Өнүгүү, рынок, шарт, мыйзам, бизнес, Айылчы Сарыбаев
Тема боюнча
Айылчы Сарыбаев: мигранттар салган акча максатсыз пайдаланылып жатат
Робин Орд-Смит Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болуп дайындалды
Психолог Самат Аалканов

Аалканов: финансылык пирамидалар эч кимге жакшылык алып келбейт

Психолог Самат Аалканов финансылык пирамидага азгырылбоонун психологиялык жолдорун айтып берди.

Финансылык пирамиданы ачык эле адамдарды алдоо катары кабыл алсак болот. Анткени алар баштаганда эле азгыруу методдорун колдонушат. Мындай пикирин Самат Аалканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Аалканов: финансылык пирамидалар эч кимге жакшылык алып келбейт

Анын айтымында, финансылык пирамидада ийгиликке жеткендерге караганда алданып калгандардын саны көп болот.

"Кайсы гана пирамида бизнесин албаңыз, алар ошол тармакта акча табуу абдан жеңил экенин айтышат. Мисалы, белгилүү бир сумманы аларга берип коюп эле акчаңыздын болуп көрбөгөндөй тездикте көбөйөрүн убадалашат. Сизди катарына кошуу үчүн ийгиликке жетип, көп акча таап же кымбат баалуу буюмдарга ээ болуп жаткан адамдарды көрсөтүшөт. Бирок, тилекке каршы, бул айсбергдин бизге көрүнгөн чокусу гана. Анын түбүндө канчалаган адамдардын каражаты, бир тыйын таппай, тескерисинче, алданып отургандардын көз жашы турат. Биз жашоодо эч нерсе бекер эле келип калбасын түшүнүшүбүз керек. Бардык нерсеге эмгек жана чынчылдык менен гана жетерибизди билишибиз зарыл. Ошондо биз мындай пирамидаларга азгырылбай калабыз. Ал эми билбей кирип алып белгилүү бир суммада каражат короткон соң түшүнүп калсаңыз, жөн гана аны боло турган чыгым катары кабыл алып, сарсанаа болбой ошол нерседен чыгып кетүүгө аракеттениш керек. Кек сактап, өчөшүп же дагы башка ушундай кадамдарга баруу биринчи кезекте өзүбүз үчүн гана зыян алып келерин унутпашыбыз зарыл", — деди Аалканов.

Ал жеңил акча табуу жолу менен байып кетүүгө аракет жасоо өзүмчүлдүктүн белгиси экенин жана бул психологиялык көз карашта жашоо мыйзамына туура келбестигин кошумчалады.

Белгилер:
азгыруу, психология, бизнес, Пирамида, Самат Аалканов
Тема боюнча
Психолог адамдар эмнеге ушакташарын чечмелеп берди
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси, энтомолог Гүлкайыр Орокчиева

Орокчиева: Бишкекте кене чагып жети адам кайрылды

Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси, энтомолог Гүлкайыр Орокчиева кене энцефалитин вакцина сайдырып алдын алса болорун айтты.

Азыркы учурда Бишкекте дарыгерлерге кене чаккан жети адам кайрылды. Былтыр ушул эле мезгилде 15 киши кайрылган эле. Бул тууралуу Гүлкайыр Орокчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Орокчиева: Бишкекте кене чагып жети адам кайрылды

Анын айтымында, 2010-жылдары энцефалит менен ооругандар көп болуп, өз учурунда толук дарыланбаган жаш бала каза болгон.

"Кене чаккандан кийин адамга үч күндүн ичинде иммуноглобулин сайылат. Анын таасири бир айга жетет. Үч күндөн ашып кетсе ийне сайылбайт, отуз күн дарыгердин көзөмөлүндө болот. Кене чаккандан баштап жетинчи жана онунчу суткада кан тапшырылып, вирустун бар-жогу текшерилет. Эгер адамды чаккан кене вирусту алып жүргөн болсо 7-14 күндүн ичинде булчуң, муундар, баш катуу ооруп, дене табы 38-39 градуска чейин көтөрүлөт. Оорунун башталышы сасык тумоого окшоп кетет. Энцефалитти алдын алуу үчүн вакцина алса болот. Кене энцефалитинин эпидемиологиялык кырдаалын эске алып Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан комплекстүү алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп турат. Жыл сайын токойчулар, егерлер, чабандар, геолог студенттер жана башка жумушу же окуусу боюнча вирустук кене энцефалитинин очогуна чыккандарга профилактикалык эмдөө жасалат. Вакцина эки ирет бекер сайылат. Эмдөө алган адам тоого 14 күндөн кийин чыгышы керек. Андан соң бир жана үч жылдан кийин ревакцинация жасалат. Ал эми жөнөкөй жарандар жеке клиникаларга кайрылып, акча төлөп эмделе алышат", — деди Орокчиева.

Дарыгер кене энцефалити менен ооругандар бир жыл невропатологдун каттоосуна алынарын кошумчалады.

Белгилер:
вакцина, алдын алуу, энцефалит, кене, Гүлкайыр Орокчиева
Тема боюнча
Кенеден кантип сактануу керектигин терапевт айтып берди
Беларустун ички иштер министрлигинин кызматкерлери.Архивдик сүрөт

ФСБ: Лукашенкону өлтүрүүгө камданып, Беларуста төңкөрүш даярдагандар кармалды

(жаңыланган 03:18 18.04.2021)
Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Москвадан 9-май күнү Беларусь президенти Александр Лукашенкону жок кылып, өлкөдө аскердик төңкөрүш жасоого камданып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ФСБнын коомдук байланыш борборуна таянуу менен РИА Новости жазды.

Маалыматта колго түшүрүлгөндөр Беларусь менен Россиянын жарандыгын алган Юрий Зенкович менен беларусиялык Флександр Федута аттуу адамдар экени айтылат.

Россиянын атайын кызматы коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук комитети менен биргеликте иш алып барган.

"Беларустук кесиптештердин берген маалыматы боюнча, Зенкович менен Федута мессенжерлердин биринде аскердик төңкөрүштүн планын талкуулап, Москвада оппозициялык маанайдагы генералдар менен жолугууну көздөгөн", — деп айтылат кабарда.

Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан. Түзүлгөн план боюнча радио жана теле борборлорду басып алып, ички аскер бөлүктөрүнүн жолун тосуу каралган. Күч структураларынын ишин токтотуу үчүн электр энергияны өчүрүү даярдалганы маалым болду.

Натыйжада конституциялык түзүлүш өзгөрүп, бийлик "Улуттук элдешүү комитетине" өтмөк.

Зенкович менен Федутага карата Беларустун тергөө органдары 357-беренесинин ("Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу") негизинде иш алып барууда.

Белгилер:
бийлик, мамлекеттик төңкөрүш, Өлтүрүү, ФСБ, Александр Лукашенко, Россия, Беларусь
Тема боюнча
Лукашенконун уулуна генерал наамы берилди
Лукашенко Беларустагы митингдердин көпкө созулушуна пандемияны айыптады