Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Койчубаков: кичи автобустардын айдоочулары электрондук билетке каршы болууда

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков. Архив
Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков электрондук билетти сатуу үчүн үч чоң уюлдук оператор, муниципалдык ишканалар жана банктар менен келишим түзүлгөнүн айтты.
Койчубаков: кичи автобустардын айдоочулары электрондук билетке каршы болууда

Долбоордун негизги максаты төлөмдөрдү ачык-айкын жүргүзүү жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн айдоочуларды алагды кылбоо болуп саналат. Бул тууралуу Нурлан Койчубаков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, электрондук билет жеңилдетилген, мектеп окуучулары үчүн жана жалпы колдонуучуларга деп бир нече категорияга бөлүнүп берилет.

"Бүгүнкү күндө биринчи этап боюнча 400 валидаторго, башкача айтканда электрондук жабдыкка тапшырык бердик. Анын 200ү троллейбуска, жарымы автобуска орнотулат. Азыр бизде дагы жаңы долбоорлор иштелип жатат. Жакынкы арада мэрия менен биргеликте конкурс жарыялап, жаңы 520 автобус алалы деп турабыз. 2020-жылы кичи автобустарга да электрондук төлөм системасын киргизүүнү ойлоп жатабыз. Албетте, алардын арасында каршы болгондор арбын. Ошондуктан сүйлөшүү жолу менен ким макул болсо ошол унаага системаны орнотобуз", — деди Койчубаков.

Ал ошондой эле жакынкы аралыкта айдоочулардын маянасы көтөрүлөрүн кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0