Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Осмоналиев: булут электрондук кол тамгасын колдонуу абдан ыңгайлуу

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Инфоком ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев борбор калаада жарандар өзүн-өзү тейлөөчү борборлор ачылгандыгын айтты.
Осмоналиев: булут электрондук кол тамгасын колдонуу абдан ыңгайлуу

Санариптештирүү жылынын алкагында 29 мамлекеттик мекеме булут электрондук кол тамга системасына өттү. Бул тууралуу Рыскулбек Осмоналиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, электрондук кол тамганын булуттук жана флешкага жазылып алынчу эки түрү бар. Булуттук кол тамга коопсуздугу жана колдонууга ыңгайлуулугу менен айырмаланат.

"Электрондук кол тамга системасы — Кыргызстанда мыйзамдын негизинде иштеп жаткан программа. Ал колдонуучулардын убактысын үнөмдөө менен коррупциялык аракеттерге бөгөт коёт. Мисалы, ишкер отчёт тапшыруу үчүн өзүнүн кеңсесинен чыкпай эле булуттук кол тамга аркылуу ишке ашыра алат. Ошондой эле катардагы жарандар да керектүү документтерин өз алдынча бүткөрө алат. Төлөнүүчү акчасын да электрондук төлөм аркылуу жүргүзүп коёт. Эми узун кезекке туруп, кагаз толтуруп, болбосо акча берип бирөөнү ортого салыштын кажети жок. Мындай система аркылуу жарандар атайын адиссиз эле өзүн-өзү тейлей алат. Бул үчүн учурда Бишкекте атайын борборлор ачылып жатат. Жакынкы аралыкта республиканын бардык аймактарына жайылтабыз деген пландарыбыз бар", — деди Осмоналиев.

Аткаминер жарандар электрондук кол тамга системасы аркылуу паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү жана бир нече башка документтерди ала алышарын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0