Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Пакыров: өкмөт ишкерлер менен тыгыз иштебесе бизнес өнүкпөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор бизнес-ассоциации ЖИА Фархат Пакыров
Директор бизнес-ассоциации ЖИА Фархат Пакыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров өкмөттүн курамы бат-баттан алмашкандыгына байланыштуу бизнес тармагындагы орчундуу маселелер чечилбай калып жатканын айтты.
Пакыров: өкмөт ишкерлер менен тыгыз иштебесе бизнес өнүкпөйт

Өкмөт ишкерлер менен тыгыз иш алып барып, аларды түйшөлткөн көйгөйлөрдү чечип бермейинче чакан жана орто бизнес өнүкпөйт. Бул тууралуу Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурдагы өкмөт бизнести жөнгө салуу боюнча бир катар реформа жасады, бирок олуттуу деле өзгөрүү боло элек. Жыйынтыгын көрүш үчүн убакыт жана туруктуулук керек.

"Өкмөттүн бат-баттан алмашып жаткандыгына байланыштуу бизнес чөйрөсүндө көптөгөн маселелер чечилбей жатат. Анткени көйгөйдү өкмөттүн бир курамына түшүндүрүп жеткиргиче эле жарым жыл, бир жыл өтүп-өтпөй анын ордуна экинчиси келет. Жаңы жетекчиликке жагдайды кайрадан тааныштырганча башкасы келип отуруп калып жатат. Бул ишкерлер үчүн көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратууда. Өнүгүү үчүн туруктуулук керек. Ошондой эле кадр саясаты аксап жатат. Мамлекеттик ведомстволордо биз көптөн бери көрүп жүргөн эле адамдар отурат. Алардын кызматтарын эле алмаштырып коюшпаса эч өзгөрүү жок. Иштин көзүн билген, компетенттүү адистер келишсе жакшы болот эле", — деди Пакыров.

Ошондой эле ал учурда IT-тармагы бизнес катары өнүгө баштаганын айтып, Кыргызстандын бул багыттагы потенциалы абдан чоң экендигин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0