Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанбаева: Ош шаарында VII эл аралык театр фестивалы өтүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-секретарь Минкультуры КР Айнура Асанбаева
Пресс-секретарь Минкультуры КР Айнура Асанбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Айнура Асанбаева театр фестивалы жетинчи ирет өткөрүлүп жатканын айтты.
Асанбаева: Ош шаарында VII эл аралык театр фестивалы өтүп жатат

Иш-чаранын негизги максаты — театр, искусство тармагын жандандыруу жана аны элге жакындатуу. Бул тууралуу Айнура Асанбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, фестивалда акыркы эки жылда элге тартууланып жүргөн спектаклдер коюлат.

"Ош шаарында өтүп жаткан VII эл аралык театр фестивалы ART-ORDO деп аталып, эки жылда бир өтөт. Театрлардын бири-бири менен болгон мамилесин чыңдоо жана тажрыйба алмашууну көздөп эл аралык деңгээлде өткөрүп келебиз. Биздин өлкөдөгү театрлар башкалардан кем калышпай, чет мамлекеттеги түрдүү сынактарга катышып турушат. Быйылкы 2019-жылды «Ош шаары - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыялаганына байланыштуу фестивалды мына ушул аймакта өткөрүп жатабыз. Андан тышкары, өмүрүн театр, кино тармагына арнаган КРдин эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдыгына ушул фестивалды арноону туура көрдүк. Жамал эжени билбеген чет өлкөлүк театр артисттери жок экен. Учурда өз өнөрлөрүн тартуулоого Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Россиядан театр ишмерлери, актерлор келишти", — деди Асанбаева.

Маалымат катчы салтанаттуу маараке 27-сентябрда жыйынтыкталарын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0