Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кененбаева: электрондук кол тамга менен үйдөн чыкпай документ алууга болот

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Инфоком мамлекеттик ишканасынын техникалык маселелер боюнча директорунун орун басары Асел Кененбаева
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Инфоком мамлекеттик ишканасынын техникалык маселелер боюнча директорунун орун басары Асел Кененбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Инфоком мамлекеттик ишканасынын техникалык маселелер боюнча директорунун орун басары Асел Кененбаева электрондук кол тамганын кандай иштей турганын айтты.
Кененбаева: электрондук кол тамга менен үйдөн чыкпай документ алууга болот

Электрондук кол тамганы флешка аркылуу колдонуу Кыргызстанга 2008-жылы келген. Бул ыңгайсыз болгондуктан учурда булуттук электрондук кол тамгасы пайдаланып жатат. Бул тууралуу Асел Кененбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарандар жөнөкөй маалым каттардан баштап паспортко чейинки документтерди үйдөн чыкпай эле булуттук система аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү бар.

"Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталы бар. Каалоочулар баракчасына кирип, ал жактан 29 мамлекеттик кызматты электрондук тейлөө аркылуу колдоно алышат. Ал үчүн кард-ридер аркылуу паспортун киргизип, берилген пин-кодду терип өздүгүн далилдеш керек. Ошондо порталда анын өздүк баракчасы ачылат. Өзүнө керектүү кызматты тандап, арыз толтуруп, кызмат акысын онлайн төлөйт. Мисалга алсак, никеге катталууну электрондук кол тамга аркылуу жүргүзүү үчүн жубайлардын жаңы үлгүдөгү паспорту болушу керек. Бирөөсү арыз толтуруп, экинчисине жиберет, ал өздүк баракчасына келген арызды кабыл алганда документ никени каттоо кызматына түшөт, алар аны карап чыгып жубайларга датаны белгилеп берет. Андан кийин барып каттоодон өтүшөт", — деди Кененбаева.

Адис электрондук кол тамганы өзгөртүп же жасап коюу мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0