Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Момунов: 2023-жылдын аягына чейин өлкөдөгү таза суу маселеси чечилет

© Фото / Дильноза АлымоваЗамдиректора Департамента развития питьевого водоснабжения и водоотведения Сайпидин Момунов
Замдиректора Департамента развития питьевого водоснабжения и водоотведения Сайпидин Момунов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча өкмөттүн улуттук стратегиясы бар экенин айтты.
Момунов: 2023-жылдын аягына чейин өлкөдөгү таза суу маселеси чечилет

Таза суу тармагын өнүктүрүү боюнча иш пландары 2026-жылга чейин бекитилген. Бирок өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков аталган иштерди 2023-жылга дейре бүтүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу Сайпидин Момунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө аймагы боюнча 584 айыл таза сууга муктаж.

"Эсептөөлөр боюнча өлкөдө 653 айыл таза сууга муктаж деп табылып, аларга артыкчылык берилген. Тактап айтканда, ал жерлерде буга чейин ичүүчү суу такыр жок болгон. Калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында аткарылып жаткан иштердин биринчи фазасы дал ошол айылдарда ишке ашып жатат. 2018-жылдын эсеби менен ичүүчү суу 69 айылга киргизилди. Бул жылы бюджеттен 500 миллион сом бөлүнгөн. Анын 300 миллиону бүгүнкү күндө өздөштүрүлдү. Аталган каражаттын калган бөлүгү которулса, үстүбүздөгү жылдын 4-кварталынын аягына чейин дагы 44 кыштак таза суу менен камсыз болот", — деди Момунов.

Ошондой эле ал эл аралык донорлордун жардамы менен дагы кошумча каражат табылып, таза сууга муктаж болгон бардык айылдарга бөлүштүрүлгөнүн кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0