Кыргызстан фракциясынын депутаты Канат Исаев

Исаев: ун мыйзамы өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында кабыл алынган

51
(жаңыланган 16:59 26.09.2019)
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канат Исаев айрым депутаттар коомдук пикирдин кысымынан улам пайдалуу токтомдорду жокко чыгарып салышарын айтты.

"Кыргызстанга ташылып келген арпа менен буудайды кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндө" мыйзам долбоору жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо максатын көздөгөн. Мындай пикирин Канат Исаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзам атамекендик ун чыгарган ишканаларга атаандаштыкка туруштук берүүгө көмөк болмок.

"Мамлекет өз өндүрүшүн колдош керек. Ошондо гана өлкөнүн ички экономикасы бекем болот. Биз ташылып келген буудай, арпаны салыктан бошотуу тууралуу мыйзамды мына ушундай максатта кабыл алган элек. Анткени жергиликтүү ун менен алектенген ишканалар Казакстандын ишкерлерине туруштук бере албай калышкан. Аларда күйүүчү май арзан, буудай өздөрүнөн чыккандыктан, рынокту ээлеп алышкан. Бул өз кезегинде Кыргызстанда ундун кымбатташын шарттаган. Тилекке каршы, коомдук пикирден улам айрым депутаттар токтомдун иштөөсүн токтотуп коюшту", — деди Исаев.

Эл өкүлү бул пикирин экономист катары айтып жаткандыгын кошумчалады.

51
Белгилер:
өндүрүш, пикир, эл, ун, мыйзам, Канатбек Исаев
Тема боюнча
Ибраев: былтыр Кумтөр кенинен 16,6 тонна алтын өндүрүлдү