Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Батыралиев: Индиядан студенттер окуу акысы итбекер болгону үчүн келишүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы саламаттык сактоо министри, профессор Талантбек Батыралиев. Архив
Мурдагы саламаттык сактоо министри, профессор Талантбек Батыралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы саламаттык сактоо министри, профессор Талантбек Батыралиев медициналык жаңы окуу жайлардын ачылып жатканы өлкө үчүн пайдалуу экендигин айтты.
Батыралиев: Индиядан студенттер окуу акысы итбекер болгону үчүн келишүүдө

Индиядан, Пакистандан келип медициналык билим алып жаткан студенттер Кыргызстанда окутуунун сапаты жогору болгону үчүн эмес, окуу акысынын арзандыгынан келип жатышат. Бул тууралуу Талантбек Батыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган өлкөлөрдөн келген студенттер 2400-4000 доллар төлөп окушат.

"Өлкөдө медицина тармагында билим берүү жалпы эле ушул система сыяктуу оор абалда. Окутуучулар курамы жетишпейт, сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү жок. Ошого карабай Индия, Пакистан өлкөлөрүнөн студенттер окуу акысынын төмөндүгүнө кызыгып келип жатышат. Бирок мындан жалаң гана жаман жагын көрүүдөн алыс болушубуз керек. Учурда чет элден келген студенттердин көптүгүнө кызыгып, жеке ишкерлер заманбап клиникалары менен медициналык окуу жайларын ачууда. Бул өлкө үчүн абдан пайдалуу", — деди Батыралиев.

Профессор ошондой эле жеке менчик медициналык окуу жайларга жергиликтүү студенттерди тартуу менен бир нече жылдардан соң күчтүү кадрларга ээ болуу мүмкүнчүлүгү турганын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0