Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Осмонов: чет өлкөдөн жактаган докторлугумду Кыргызстан 7 жылда кабыл алды

© Фото / Бакыт КулчумановДокторант, кардиолог Дамир Осмонов. Архив
Докторант, кардиолог Дамир Осмонов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Докторант, кардиолог Дамир Осмонов сырттан алган илимий даражасын Кыргызстан кабыл албай, ортодо жети жыл жоготконун айтты.
Осмонов: чет өлкөдөн жактаган докторлугумду Кыргызстан 7 жылда кабыл алды

Чет өлкөдөн илимий даража алгандан кийин Кыргызстан аны тааныбаса, адам өз өлкөсүнө сууп калат экен. Мындай пикирин Дамир Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сырттан билим алып келген кыргыздар өз өлкөсүндөгү тоскоолдуктардан улам артка кайтууну туура көрүшөт.

"Мен мектепти бүтөрүм менен эле чет өлкөгө окууга кеткем. Медициналык билимимди, ординатура, докторлукту Түркиядан жактадым. 16 жыл чет жакта иштеп, жетиштүү тажрыйба топтодум дегенде гана Кыргызстанга кайттым. 2011-жылы докторлукту түрк стандарттарына жараша жактасам, бизде муну 2018-жылы гана кабыл алышты. Ортодон жети жылды жоготтум. Бул жылдар аралыгында иштеп, эл аралык журналдарга илимий макалаларды жазууну уланта бердим. Бирок эми гана доктор болуп жатам. Кыргызстанда бир дарыгердин алган айлыгы башка өлкөдө он эсе жогору десем болот. Тоскоолдуктарга карабай мен артка кайткан жокмун. Себеби мен жеңилгим келген жок. Кыйынчылык менен болсо дагы учурда алган билимимди өз жеримде колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлдү", — деди Осмонов.

Дарыгер сырттан окуп кайткан жаштар алган билимин башка бир максатта колдонуш үчүн эмес, патриоттук сезими менен өз жерине кызмат кылуу үчүн кайтышарын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0