Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин мурунку директору Абдиманап Муратов. Архивдик сурөт

Муратов: эгемендүүлүккө ээ болгону илим тармагын унуттук

(жаңыланган 14:34 27.09.2019)
Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин мурунку директору Абдиманап Муратов мамлекет тарабынан илимге кайдыгер мамиле жасалып жаткандыгына кейиди.
Муратов: эгемендүүлүккө ээ болгону илим тармагын унуттук

1993-жылы Кыргызстанда мамлекеттик илим жана технологиялар комитети бар болчу. Кыскартып отуруп министрликке илим деген сөздү кошуп, 5-6 кишиден турган бөлүмгө айланып, комитет жоюлду. Бул тууралуу Абдиманап Муратов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Улуттук илимдер академиясын өзүнчө, башка илим тармагындагы мекемелерди өз алдынча коюп койбой, мамлекет тарабынан көзөмөлдөп караган орган керек.

"Эгемендүүлүк алганы илим унутта калды. Иштеп турган комитетти чекесинен кертип отуруп, Илимдер академиясы өзүнчө иш алып барып, патент кызматы интеллектуалдык менчик аталып башкача иштөө жолун тандап алды. Ушинтип чачырап отуруп 20 жылдан соң илим деген сөздү Билим берүү министрлигине кошуп, 5-6 гана кишиден турган бөлүм ачылды. Бир бөлүм республикадагы илим тармагынын саясатын жүргүзүп, ишин илгерилеткенге чама-чаркы жетеби? 2015-жылы илим тармагынын мындан аркы кадамдары тууралуу атайын концепция кабыл алынган. Эми анын иштеп кетүүсүн көзөмөлдөө зарыл", — деди Муратов.

Ал мамлекет илимге олуттуу мамиле жасап, чет элде жүргөн жаш илимпоздорду кайтаруу саясатын колго алышы учур талабы экендигин кошумчалады.

Белгилер:
келечек, кайдыгерлик, реформа, илим
Тема боюнча
Усенбаева: өлкөдө кан запасы тартыш
Sputnik Кыргызстан радиосунун Көөнө сөз рубрикасы

Талантбеков: ууландыруучу же мас кылуучу нерсени "кыйгак" десе болот

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков жаңы кирген сөздөрдү колдонууда дароо эле түз которууга ашыкпай, ата-бабаларыбыз сүйлөп жүргөн аталыштарга маани берүү керектигин айтты.
Талантбеков: ууландыруучу же мас кылуучу нерсени "кыйгак" десе болот

"Кыйгак" найзанын учундагы курч металлды түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, бул сөздү бир нече мааниде колдонууга болот.

Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Жыгач найзанын учуна ашталып бекитилген курч металлды "кыйгак" деп койгон. Ошондой эле колду тилип кете турган жалбыракты дагы ушул сөз менен сүрөттөөгө болот. Мындан тышкары, "кыйгак" сөзүнүн өтмө маанисинде уу, ууландыруучу же мас кылуучу нерсе катары түшүнүүгө болот. Бул үч маанисин тең колдонууга мүмкүндүк бар. Адатта ууну өз аты менен эле атап жүрөбүз. Бирок анын синоними катары "кыйгак" деп колдонуу дагы артыкчылык кылбайт", — Талантбеков.

Манасчы көөнө сөздөр күнүмдүк турмушта көбүрөөк колдонулса, тилди байытууга, шөкөттөөгө көмөгү тие турганын кошумчалады.

Белгилер:
Кыргызстан, эне тил, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Талантбеков: "Манас" эпосунда алимент деген сөздүн түшүндүрмөсү бар
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева

Жайчиева: жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялайт

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялай тургандыгын айтты.

Эгер чоңдор китеп окуп, жомокко маани берсе, ал өзүнүн жүрүм-туруму, кулк-мүнөзүнө көңүл буруп, балдарына туура тарбия бере алат. Мындай оюн Бегайым Жайчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жайчиева: жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялайт

Анын айтымында, чоңдорго арналып жазылган жомоктордун саны көп болгонуна карабастан улуулар ага жакшы маани бербей келишет.

"Жомок менен балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбияласа болот. Чоңдорго арналып жазылган жомоктор абдан көп. Кайнене менен келинге, ата менен балага арналган, жаратылышты сактоого, жалкоолукка арналган жомоктор бар. Сулайман Рысбаев деген балдар жазуучусу көптөгөн жомокторду жазат. Ал азыркы күндүн талабы менен мурункуну байланыштырып, кооздоп, тарбиясы терең чыгармаларды жаратууда. Чоң адамдар үчүн да ойлондурган, олуттуу жомоктору көп. Мисалы, "Балык балдар" деген жомогу бар. Көлдүн жээгинде арак ичип, таштандыларды ыргытып булгаган чоң кишилердин туура эмес жоруктарын көргөн кичинекей балдар аларга таарынып, түндө көлгө балык болуп кетишет. Мына ушундай мааниси терең жомокторду улуулар да окуп туруусу зарыл", — деди Жайчиева.

Ошондой эле жомокчу балдар адабиятына өзгөчө көңүл буруп, баланын коомдогу ордун калыптандырыш үчүн ата-энелер балдарга китеп окуп бериши керектигин кошумчалады.

Белгилер:
тарбия, балдар, китеп, жомок, Бегайым Жайчиева
Тема боюнча
Психолог: жомок угуп чоңойгон баланын иммунитети бекем болот
Оорукананын нейрохирургия бөлүмүндө омурткага операция учурунда. Архив

Нарын облусунда биринчи жолу грыжаны алган операция жасалды

(жаңыланган 15:16 19.04.2021)
Мындан ары грыжасы бар бейтаптар Бишкек шаарына барбастан Нарын облусунда эле операция жасата алышары белгиленди.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Нарын облусунда бел омурткасында пайда болгон грыжаны алган алгачкы операция жасалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын травматология бөлүмүнүн травматологу Талант Калдыбаев билдирди.

Анын айтымында, 14-апрель күнү 41 жаштагы бейтаптын төртүнчү жана бешинчи бел омурткасындагы (L IV-L V) грыжасы алынган. Бейтап бул илдеттен жети жылдан бери жапа чегип келген.

"Бүгүн бейтапка операция жасалганына 5 күн болду, бутуна туруп басып калды. Учурда абалы жакшы. Эми бейтаптар Бишкек шаарына барбастан Нарын облусунда эле операция жасата алышат", — деди дарыгер.

Бул операцияны Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбеков, директордун дарылоо иши боюнча орун басары Эламан Алиев жана травматология бөлүмүнүн травматолог дарыгери Талант Калдыбаев жасаган.

Белгилер:
бейтап, операция, грыжа, Нарын
Тема боюнча
Невролог Батыров: остеохондроз күчөп отуруп грыжага айланат