Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шабданов: быйыл өлкөдө баалуу кагаздардын наркы 5,1 млрд. сомго жетти

© Sputnik / Асель АкматалиеваЧлен Совета директоров Кыргызской фондовой биржи Алмаз Шабданов
Член Совета директоров Кыргызской фондовой биржи Алмаз Шабданов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз фондулук биржасынын президентинин милдетин аткаруучусу Алмаз Шабданов экономиканы өнүктүрүү үчүн биржадагы келишимдердин көлөмүн көбөйтүү керектигин айтты.
Шабданов: быйыл өлкөдө баалуу кагаздардын наркы 5,1 млрд. сомго жетти

Дүйнөдөгү кайсы гана экономикасы мыкты мамлекетти мисалга албайлы, ал жердин биржасы өнүккөн болот. Бул тууралуу Алмаз Шабданов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, биржа — экономиканын күзгүсү.

"Статистика боюнча Кыргызстанда баалуу кагаздардын же келишимдердин саны жылдан-жылга көбөйүп жатат. Алсак, быйыл 9 айда алардын баасы 5,1 миллиард сомду түздү. Бирок мунун ылдамдыгы өтө төмөн болууда. Биз үчүн бул жетишкендик болгону менен коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу көлөмү өтө кичинекей. Мисалы, Өзбекстан жакында ачык экономикалык саясатка чыкты. Алардын фондулук, валюталык жана товардык биржаларынын көрсөткүчтөрү өтө жогору. Валюталык биржасынын бир күндүк келишимдеринин көлөмү 100 миллион доллар экен. Биз бир жылда дагы бул көрсөткүчкө жетпей жатабыз", — деди Шабданов.

Ал инвестициянын 90 пайызы биржадан келерин, себеби эң таза, ачык-айкын, акыйкат баа ушул жерде экенин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0