Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дороев: эски буюмдарын саткан улгайган адамдарга атайын жай даярдап беребиз

© Sputnik / Асель СыдыковаРуководитель аппарата Октябрьского административного района Азамат Дороев
Руководитель аппарата Октябрьского административного района Азамат Дороев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын Октябрь муниципалдык администрациясынын аппарат жетекчиси Азамат Дороев Орто-Сай базарынын айланасы иретке келтирилип жатканын айтты.
Дороев: эски буюмдарын саткан улгайган адамдарга атайын жай даярдап беребиз

Тротуарларды, жол жээктерин жайма базарга айлантып жибергендер үчүн рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Азамат Дороев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам бузган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Орто-Сай базары боюнча абал дагы деле оор. Анын айланасындагы тартипти атайын түзүлгөн топ көзөмөлдөп жатат. Жыл башынан бери алар 48 жолу рейдге чыкты. 90дон ашык сатуучуга чара көрүлүп, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Юнусалиев көчөсүндө улгайган энелер, аталар эски буюмдарын сатып отурушат. Аларды кууп жибере албайт экенбиз. Ошондуктан алар үчүн өзүнчө аянтча жасап, ошол жерде соода-сатыгын жүргүзгөнгө уруксат беребиз. Бирок ишемби, жекшемби күндөрү гана чыгып соода кылууга болот", — деди Дороев.

Ал ошондой эле жакында Азербайжан мамлекетинин каржылоосу менен Көк-Жар кичи конушунда 550 орундук мектеп куруларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0