Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Гинеколог: бойго бүтүрүүдөн сактаган спиралды каалаган эле келин койдура албайт

© SputnikАкушер-гинеколог Аида Арстанбекова. Архивдик сүрөт
Акушер-гинеколог Аида Арстанбекова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борборубуздагы жеке клиникалардын биринин дарыгери, акушер-гинеколог Аида Арстанбекова спираль рак оорусун чакырбай турганын белгиледи.
Гинеколог: бойго бүтүрүүдөн сактаган спиралды каалаган эле келин койдура албайт

Көпчүлүк айымдар дарыгердин толук көзөмөлүнөн өтпөстөн эле спираль салдырып кетишет, бул туура эмес. Мындай пикирин Аида Арстанбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жатын моюнчасында жарасы барларга, төрөй элек келиндерге, жыныстык органы сезгенгендерге спираль койдурууга болбойт.

"Негизинен спираль салдыруунун алдында толук көзөмөлдөн өтүү шарт. Аны койдургандан кийин рак болуп калдым деген учурлар болгон. Бул, албетте, спиралдын өзүнөн эмес. Ошол учурда шамалдаган болсо, каны аз же миома, киста сыяктуу дарттар менен ооруган учурда жатынга орнотулган жат нерсе жаман оору чакырышы мүмкүн. Андан тышкары, мөөнөтү бүткөндө алмаштырбаса же оорусу бар болсо, аялдын жатынына ал нерсе эт менен биригип өсүп кетет", — деди Арстанбекова.

Гинеколог спиралдан тышкары бойго бүтүрбөө үчүн атайын таблеткаларды, майларды колдонсо болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0