Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Уезбаев: жеген тамагыбыздын үчтөн бири белок болушу шарт

© Sputnik / Эркин СадыковРуководитель отдела программы образования Республиканского центра укрепления здоровья Сагынбек Уезбаев
Руководитель отдела программы образования Республиканского центра укрепления здоровья Сагынбек Уезбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун билим берүү программалары боюнча бөлүм башчысы Сагынбек Уезбаев күзүндө туура тамактануу сырларын айтып берди.
Уезбаев: жеген тамагыбыздын үчтөн бири белок болушу шарт

Жай мезгилине салыштырмалуу күзүндө күндү азыраак көрөбүз. Натыйжасында организм стресс алып, аны жоюу үчүн демейдегиден көбүрөөк тамак талап кыла баштайт. Бул тууралуу Сагынбек Уезбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адам бир күндө үч маал ысык тамак, эки маал мөмө-жемиш менен шам-шум этип алганы туура.

"Күзүндө күндүн нуру жетишсиздигинен организм стресске кабылат. Аны жок кылуу максатында тамак-аштан витамин ала баштайт. Ошондуктан адамдар күз мезгилинде көп өлчөмдө тамак жеп калышат. Мындан улам туура тамактануу зарыл. Күнүмдүк кабыл алган тамак-аштын үчтөн бир бөлүгүн белок түзүшү керек. Эгер үч ирет ысык тамак ичсек, үчөөндө тең белокко бай азыктарды жеш керек. Мындан сырткары, өзгөчө оор жумуш жасагандар жана акыл эмгеги менен иштегендер эки ирет жеңил азык менен шам-шум этип алса болот. Көбүнесе жер-жемиш, мөмө организм үчүн пайдалуу. Негизи эле тамакты өтө тоё жеп албоо керек. Ашказанда тамактан сырткары суюктукка жана абага да орун калганы ден соолук үчүн пайдалуу", — деди Уезбаев.

Адис баары бышып турган күз айларында организмди керектүү витаминдер менен камсыздап алуу үчүн жер-жемиштерин көп жеш керектигин сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0