Күрөш федерациясынын кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу жана Айсулуу Тыныбекованын жеке машыктыруусучу Нурбек Изабеков

Изабеков: Айсулуу бетке айтат, ошонун айынан жаман көрүнөт

671
(жаңыланган 17:21 30.09.2019)
Аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова турмушта калыс адам, анын айынан кээде бетке айтып жаман көрүнүп аларын машыктыруучусу Нурбек Изабеков белгиледи.
Изабеков: Айсулуу бетке айтат, ошонун айынан жаман көрүнөт

Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова интеллекти бийик, дипломат адам. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу жана Айсулуу Тыныбекованын жеке машыктыруусучу Нурбек Изабеков маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, окуучусу эл менен бат тил табышкандыктан чет өлкөлүк  да достору көп.

"Айсулуу жашоодо аябай калыс адам, адилеттүүлүктү жакшы көрөт. Анын кесепетинен кээде бетке айтып жаман көрүнөт. Өзү бир нерсени жаап-жашырып, бирөөгө кек сактап, жамандык кылбайт. Ички дүйнөсү таза, эч нерседен тайманбаган, эмгекчил, ойчул, барды бар, жокту жок деген адам. Мектепте жакшы окугандыктан интеллекти бийик, биз дагы анын аң-сезимин жогорулатуу үчүн китеп оку деп акыл-насаатыбызды айтабыз. Дипломат кыз. Эл менен бат тил табыша алат. Чет өлкөдө да спортчулар менен карым-катнаш түзүп, достошуп алат", — деп айтып берди Изабеков.

Белгилей кетсек, сентябрь айынын ортосунда Нур-Султан шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, Айсулуу Тыныбекова алтын байгеге ээ болгон. Натыйжада Бириккен күрөш уюмунда (UWW) өз салмагы боюнча (62 кг) рейтингдин сап башына чыга алган. Ошондой эле анын мамлекет тарабынан берилген стипендиясы 60 миң сомдон 75 миңге чейин көтөрүлгөн.

Спортчу мекенине кайтып келген соң өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков ага үч бөлмөлүү үй тапшырган. Ошондой эле мамлекет башчы анын машыктыруучусун жана ата-энесин кошо сыйлаган.

Машыктыруучунун маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган маектен окуй аласыздар.

671
Белгилер:
мүнөз, маек, балбан, машыктыруучу, Айсулуу Тыныбекова, Нурбек Изабеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Изабеков: Айсулуу Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенде болбой койгонбуз
Экономист Нургүл Акимова

Акимова: соттор бюджетти толтурууга өбөлгө түзөбүз деп адилетсиз чечим чыгарат

44
Экономист Нургүл Акимова учурдагы экономикалык кризистен чыгуу үчүн саясий туруктуулук камсыздалышы зарыл экендигин белгиледи.
Акимова: соттор бюджетти толтурууга өбөлгө түзөбүз деп адилетсиз чечим чыгарат

Мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экономиканы калыбына келтирүү үчүн жумуш орундары түзүлүп, инвестициялык климат жакшырышы керек.

"Салык төлөөчүлөр жеке менчик ишканалардын ичинде бардык салыктарды төлөп, ак ниет иштегендери менен кошо эле жашырынып, көмүскө иш алып баргандары да жок эмес. Бирок мамлекет өзү кызыктай "парадоксторду" жаратат. Алсак, салык, бажы жана башка мамлекеттик көзөмөл кылуучу органдарга план коюшат. Планды аткаруу үчүн алар туура эле иш алып барып жаткан ишкерлерди кысымга алышат. Албетте, алар деле бюджетти толтуруу менен мамлекетке пайда алып келүү максатын көздөйт. Ошондой эле эгерде мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор дагы мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. А чынында бул өлкөгө зыянын тийгизбей койбойт. Себеби ишкер банкрот болсо бюджетке эч кандай каражат төлөбөгөнү аз келгенсип, жумуш орундары дагы азаят. Ошондуктан экономиканы көтөрүү үчүн бизнес тармагында соттор адилеттүү иш алып баруусу зарыл", — деди Акимова.

Экономист жергиликтүү ишканаларды сактап калууга бардык мамлекеттик органдар кам көрүшү керектигин кошумчалады.

44
Белгилер:
сот, ишкер, экономика, Нургүл Акимова
Тема боюнча
Кыргызстанга кандай инвестициялар тартыла турганы айтылды
Чемпион футболдук академиянын жетекчиси, машыктыруучу Эр-Улан Абдыкеримов

Абдыкеримов: кыргыздын менталитети спорттук ийгиликтерди жаратууда чоң роль ойнойт

35
(жаңыланган 18:30 24.01.2021)
"Чемпион" футболдук академиянын жетекчиси, машыктыруучу Эр-Улан Абдыкеримов Кыргызстан чет элдик футболдук академиялардан керектүү моделди алса болорун айтты.
Абдыкеримов: кыргыздын менталитети спорттук ийгиликтерди жаратууда чоң роль ойнойт

Көп өлкөлөрдүн академияларынын иш-тажрыйбасын байкап көрүп, өзүбүздүн руханий баалуулуктарга карата колдонсок жакшы болот. Мындай ойду Эр-Улан Абдыкеримов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, футболдук академиялар балдарды машыктырууда комплекстүү кадамдарга багыт алышы керек.

"Милдеттүү түрдө биздин багытыбыз болушу керек. Ийгиликтүү футболдук клубдардын тажрыйбасына таянып, моделин алсак болот. Бирок өзүбүздүн география, менталитетибиз спорттук ийгиликтерди жаратууда чоң роль ойнойт," — деди Абдыкеримов.

Ошондой эле машыктыруучу улуттук курама команданын акыркы жылдардагы жетишкендиги футболдун өнүгүшүнө жол ачканын кошумчалады.

35
Белгилер:
менталитет, академия, футбол
Тема боюнча
Эшенов: футболду өнүктүрүүдө көйгөйлөр көп
Мончо. Архив

ИИМ: мончодогу зордуктоо тартылган видео боюнча башка өлкөгө сурам жөнөттүк

0
(жаңыланган 00:00 25.01.2021)
Жапа чеккен адам кыргызча сүйлөп жаткандыктан, социалдык тармактын колдонуучулары ал кыргызстандык экенин белгилешүүдө. Деген менен милиция окуя Кыргызстанга тиешеси жок деп ишенимдүү айтып жатат.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкек милициясынын маалымат катчысы Улан Жумаков жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого байланышкан видео Кыргызстандан сырт жакта болгонун, өлкөгө тиешеси жок экенин билдирди.

Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады. Жапа чеккен адам кыргызча сүйлөп жаткандыктан, социалдык тармактын колдонуучулары ал кыргызстандык деп айтышууда.

Бишкек милициясынын маалымат катчысы Улан Жумаков жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого байланышкан видео Кыргызстандан сырт жакта болгонун, өлкөгө тиешеси жок экенин билдирди
"Иликтөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган маалыматтарга ылайык, видео Кыргызстандан сырт жерде тартылган, бул факты биздин өлкөгө тиешеси жок. Кийинчерээк толук маалымат берилет. Баарыңыздарды чагымчылдыкка алдырбай, тастыкталбаган маалыматты таратпаңыздар", — деп Жумаков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Ал эми бул боюнча билдирүү тараткан ИИМ видео боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

"Иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыга электе окуяга тиешеси жок адамдын сүрөтү жана аудио социалдык тармактарга тарап жатат. Мындан улам шашылыш бүтүм чыгарбоогону өтүнөбүз. Кыргызстандан сырткары болгон бул окуя бир же эки эки жыл мурда тартылган. ИИМ ал боюнча башка өлкөгө иштин чоо-жайын билиш үчүн сурам жиберди", - деп айтылган ИИМ тараткан билдирүүдө.

Анткен менен кыргызстандыктар социалдык тармакта үрөй учурган бул окуя Кыргызстанда болгон деген божомолдорун айтып, пикирлерин калтырып жатат.

0
Белгилер:
мончо, зордуктоо, милиция, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Сурабалдиева педофилдер тууралуу маалымат база түзүүнү сунуштады
Кордолгон 13 жаштагы өспүрүм. Кыздын ата-энеси облустук сотко кайрылды