Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Уролог: жеке турмушунда көйгөйү жок эркек жашоодо да ийгиликтүү болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз-орус Славян университетинин медицина факультетинин урология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Чыныбек Алимов. Архив
Кыргыз-орус Славян университетинин медицина факультетинин урология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Чыныбек Алимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-орус Славян университетинин медицина факультетинин урология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Чыныбек Алимов тестостерону калыбында болгон эркектердин жыныстык жашоосу да ойдогудай болорун айтты.
Уролог: жеке турмушунда көйгөйү жок эркек жашоодо да ийгиликтүү болот

Жыныстык жашоосунда көйгөйү жок эркектер социалдык чөйрөдө да ийгиликтүү болушат. Бул тууралуу Чыныбек Алимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эркектер ийгиликтүү болом десе, сөзсүз түрдө өз ден соолугуна кам көрүп, сергек жашоого умтулушу керек.

"Эркек кишинин жыныстык жашоосу түздөн-түз анын социалдык чөйрөдөгү абалына таасирин тийгизет. Жыныстык жактан көйгөйү бар эркектер оюн бир жерге топтой албай, кайдыгер болуп, жасап жаткан ишине көңүл койбой, так боло алышпайт. Андан сырткары, айланасындагы адамдар менен да мамилеси сууйт. Муну окумуштуулар изилдеп чыгып, тастыкташкан. Ден соолугу чың мырзалардын тестостерону калыбында болуп, жыныстык жашоосунда көйгөй жаралбайт", — деди уролог.

Ошондой эле ал учурда өлкөдө эркектердин болжол менен 20 пайызы эректилдик дисфункция (импотенция — ред.) илдети менен жабыркарын кошумчалды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0